Айбат » Гульнур Сатылганова: “Мен элдин сүйүүсүнө татыктуу болушум керек!”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Гульнур Сатылганова: “Мен элдин сүйүүсүнө татыктуу болушум керек!”

Гульнур Сатылганова

- Саламатсызбы Гульнур эжеке, концертиңиз кандай өтүп жатат?

– Саламатчылык. Концертке даярдыктар колубуздан келишинче болду, өзгөчө уюштуруу иштери көп энергияны, нервди алды. Анан чоң каражатты талап кылды, баары эле акча сурай беришет, анан дагы эки эсе, үч эсе кымбат кылып, бааларын көтөрүп жибергенде жиним келип, экинчи концерт жасабайм деп айтып калган убактар болду. Бирок, ушул эмгектерибиз акталып, буюрса концерттер жакшы өтүп жатат.

Гульнур Сатылганова-Азыркы учурда ырчылардын ар бири өзгөчө концерт берип калышты, күйөрмандарыңыз кандай өзгөчөлүктөргө күбө боло алат?

– Концертибизге эл жакшы келип берип атат, кеткен чыгымы акталат деп турабыз. Концертибиздин өзгөчөлүгү, анын бийик деңгээлде өтүп жаткандыгында. Эч бир акчаны, нервди да, ден-соолукту да аябай, кеткен чоң чыгымына карабай өткөзүп жатабыз. Андан тышкары концерт жандуу үн менен өтүп атканы үчүн көп коллективдер, мыкты бийчилер, музыканттар катышат, ар бири өз ишинин мыкты адиси! Иши кылып бул концертке көмөк көрсөтүп жаткан ар бир адис, эмгек акысын алат. Ал эми мен элдин сүйүүсүнө татыктуу болушум керек!

- Бул концертиңизде жеке өзүңүз эле ырдап чыгасызбы, же коноктор дагы болобу, болсо кайсы ырчылар?

– Албетте концертке  мени менен дуэт ырдаган ырчылар катышат, мисалы Мирбек Атабеков, Арсен, Омар жана Style Mixes тобу катышат. Андан тышкары концерттин сыйлуу коногу Бек Борбиев!

- Кандай жаңы ырлардын бет ачары болот?

– Жаңы ырлар сөзсүз болот. Мисалы ата-энелерге арналган чыгарма болот жана “Талантка таазим” деген ыр болот. Бул ырдын автору кытайлык кыргыз Кубандык деген жигит.

- Үнүңүз абдан күчтүү, жагымдуу, атайын тамактарды ичип, же  кандайдыр бир процедураларды кыласызбы?

– Албетте үндү таптап дайыма кам көрүш керек. Мен концертке үч-төрт ай калганда, үндү машыктырууну баштайм. Мисалы “распевка” кылам, ар кандай көнүгүүлөрдү жасайм. Эң негизгиси туура ырдоо эрежелерин билүү керек, демди туура алып жана туура колдонуу.

- Азыркы тапта Кыргызстаныбызда ар кандай саясий интригалар жана оюндар болуп жатат, сиз бул темадан алыс болсоңуз дагы, кыргыз элибизге айтып кетээр каалоо тилектериңиз кандай?

– Мен айтаар элем – ар бир адам өз пейилин оңдосо, жалпыбыз оңолмокпуз! Кудайдан коркпогон адам жок дегенде мыйзамдан коркуш керек мыйзам күчтүү болуш керек, ошондо тартип болот! Элибизге ыйман берсин, ынтымактуу бололу, жерибизде тынчтык болсун, кыргыз элим акылман эл, бар бол!

Бектур БАЙМОҢОЛОВ

Айбат гезити №75




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Салам Гүлнур Эже , Ардайым Саламатта болуңуз . Сиздин Ырларыңыз биз Кытайлык Кыргыздардын Жүрөгүндө Түбөлек Орун ЭЭлеп келет . Мынданда Бийик Ийгиликтерге Жетиңиз .

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru