Айбат » Саруулуктар жаштардын кылыктары үчүн кечирим сурашты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Саруулуктар жаштардын кылыктары үчүн кечирим сурашты

Каптагаев Эмилбек28-апрелде Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев саруулуктар менен жолугушту.
Каптагаев Саруунун жаштары соттолуп кетишин каалабастыгын, бирок алар саясый күчтөрдүн куралы болуп калганын билдирди. “Менде Саруунун жаштарына эч кандай дооматым жок, алардын жоопкерчилигин сот карасын. Ошондой эле мени барымтага алгандардын артында тургандар да жоопкерчиликке тартылышы керек болчу”, – деди Каптагаев. Өз кезегинде саруулуктар жаштарынын кылган аракеттери үчүн кечирим сурашып, балдарын кайтарып берүүнү өтүнүштү.
Саруулуктардын өкүлү Кайрат Качаганов белгилегендей, жаштар Кумтөр боюнча өкмөт кыймылдабай койгондуктан, ушундай кадамга барышкан.

Айбат гезити №76



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru