Айбат » Журналистер оңолмоюн, коом оңолбойт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Журналистер оңолмоюн, коом оңолбойт

Журналист коомКыргызда салтка айланып бара жаткан жакшы кеп бар, “Журналисттер оңолмоюн, коом оңолбойт” деген, анысыңардай жалпы журналисттердин атын жамынып алып,  иш кылып жүргөн абийиринен айрылгандар дагы жок эмес. Аларга баары бир акча берсе болду,  акты кара кылып, караны ак кылып көөлөп да коюшат, бирөөнүн артынан ушак аңдышып, жугундусун жалмалап жүргөндү өзүлөрүнө эп көрүп алышкан. Мурдагы журналистиканын дөө шааларынын айтымында, эсил кайран журналистика  эле болду окшойт деп эсептешүүдө. Чынында эле азыркы массалык маалымат каражатында иштегендердин беттери түгөнүп калгандай. Өткөндө белгилүү бир Кыргыз элине аттын кашкасындай эле таанылып калган, мыйзамды семичкедей чаккан, азыркы конституциянын атасы болуп калган,  кадыр-баркы чоң эле кишини кайран акчанын күчүбү айтор, же үстүндөгү чоңдор катуу шыкактаган окшобойбу айтор мойнуна ак жерден туруп кара кылып коё  жаздады. Биз деле ойлоп калдык,  бери жакта угуп- көрүп отуруп, аа ушинте берсе эле болот турбайбы деп. Ушу биз маалымат берүүчүлөр азда болсо бир жаңылык берээрде иликтеп, чын-бышыгын тактап койсок көптүк кылбас эле. Жок  дегенде журналисттик этикаларды карап, окуп койсок аттиң.

Айбат гезити №76




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru