Айбат » Кыргыздын жаштары улууларды да, бийлик өкүлдөрүн да, эч кимди сыйлабай калыптыр

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргыздын жаштары улууларды да, бийлик өкүлдөрүн да, эч кимди сыйлабай калыптыр

1

Жети-Өгүз районунда жана Жалал-Абад облусунда болуп жаткан окуялар кайрадан эң курч проблеманы козгоду – бул кыргыз коомчулугунун кризиси. Биринчиден, калктын басымдуу бөлүгү расмий бийликти сыйлабайт, коркпойт жана ага баш ийбейт. Экинчиден, биздин коомчулуктун эң аяр катмары болуп бир нече сом үчүн бардыгын кыйратып-жоюп жиберчү жумушсуз, сабатсыз жаштар болуп саналат. Үчүнчүдөн, ушул эки күчтү уятсыз саясатчылар колдонуп, өздөрүнө гана түшүнүктүү жана пайдалуу ыкмаларды ойлоп таап, калган эл-журт жүрөгүн кармап, дарыларды ичип жатып калат.

Дүйнөдөгү кырдаалды байкасак, ал жерде да баары тынч эмес. Тигине, Түркияда да эл чаң-тополоң салууда, Европаны суу каптап, АКШда элдер бири-бирин атып жатат. Жөнөкөй адам “азыр жыргап аткан киши жок” деп үшкүрүнүп эле отургандан башка эмне кылат? Бирок бул болуп жаткан окуялардын маанилүүлүгүн эч азайтпайт – Кыргызстан кыйроонун алдында турат. Бул тууралуу бүгүн ар бир кыргызстандык ойлонушу шарт жана өзүнөн сурасын: “Кайда качмак элем?” деп. Ошол болуп атпайбы, биздин кача турган жерибиз жок. Ошондуктан ар бирибиз абалды жөнгө салуунун жолун колубузга алышыбыз керек. Кантип? Азырынча билбейм. Бирок биз жарга куласак да, кандайдыр бир четтерине жабышып, жармашып, кармалып турбайбызбы. Үмүт бар. Ошондуктан аракет кылып, өзүбүздү өзүбүз сактайлы.

Ушул күндөр ичинде мен бийликтегилерге карата көп терс маанайдагы сөздөрдү уктум. Өлкөдө ызы-чуу болуп атса, кантип балдарды шахмат оюндарындагы жеңиши менен куттуктап жүрөт дегендей… А эмне үчүн мындай абалда балдар жабыр тартышы керек экен? Биз ансыз деле билим жана тарбия берүүнү эң алыскы бурчка тыгып салдык. Мына силерге ушундай мамиленин натыйжасы – өз өмүрүндө бир тыйын таппаган жаш жигиттер, мамлекеттин бюджетине бир да сом төлөбөгөндөр унааларды талкалап, милиционерлерди уруп-сабап, кыйкырып бирдемелерди талап кылып атат. Бизде билим жана сабаттуулуктун аброю жок, анткени бизде кайсы бир партиянын мүчөсү болгону үчүн эле каалаган адам эң бийик кызматка отура алат.

Эмне үчүн күч колдонушкан жок? Мен сиздерге жооп берейин: анткени адамдарды өлтүрүүгө болбойт, канчалык алар сабатсыз жана тарбиясы төмөн болсо да. Камералардын алдында баарын талкалап, жасакерленип жатса да. Мынтип алар ичиндеги өз сабатсыздыгын, керексиздигин жана боштугун чыгарып жатышат. Мындай кылууга болбойт деп буларды ким үйрөткөн? Бир нерсени жаратуу керек деп кимдир бирөө буларды окутту бекен? Ушул өлкөнүн келечегисиңер деп булардын мээсине куйдубу бирөө жарым? Эч ким. Ушул жылдар бою биздин убакыттын каармандары катары бандиттер, казынага кол салгандар жана көп аял алгандар болуп, гүлдөп-куунаган. Биздин коомдо мыйзамды бузуп туруп, ортого таасирдүү туугандарды салып, жазадан кутулуп кетиш укмуш “крутойлук” болуп саналат. Биздин коомдо иштебей эле майлуу кызматка отуруп, пара алып жүрө берген “крутойлук” болуп саналат. Биздин коомдо мурда соттолгон адамдын депутат болуп алып, “мен эл учүн” деп кыйкырган “крутойлук” болуп саналат.

Өлкөнү ушуга чейин ким жеткирди? Биз баарыбыз. Бирөөлөр мамлекеттик тилди билбегенинен уялып, оозун жаап отурушту. Экинчилер Батыштын колдоосу менен кыйын болуп чыгышып, өздүк кыргыз демократиясын курап жатышты.

Кыргызча демократия деген эмне бүгүн? Мына жооп: бир ууч жалкоо жана колунан коко тыйын келбегендер кыргыз болгону үчүн эле бийликке талап коюп жатканында. Ал эми башкалар болсо аларга баш ийип, дивиденд төлөп, башын жерге салып тынч жүрүшү керек.

Эмне үчүн кыргыздын жаштарынын турмуштары начар? Жооп издеп кереги жок, баары ансыз деле түшүнүктүү – анткени иштегиси келбейт жана иштей албайт. Митингчилердин башчысы Курманов деген бирөө кыйратып койгонсуп жумушсуз экенин жана төрт баласын багышы керектигин айтып отурат. Ага жумушка орношууга ким тоскоол кылып атыптыр? Өз ишиңди башта, бизнес ач. Байып, татыктуу жашоого бирөө-жарым тоскоол кылып атабы? Эч ким. Өзү. Анткени иштеш үчүн аракет кылыш керек, бир ишти аягына чейин чыгарыш керек, бардык терс жана оң жактарына, ысык-суугуна даяр болуш керек. Ал эми атка минип алып, капкайдагыларды кыйкырып отурганга анча деле акылдын кереги жок. Бекер бешбармактан жеп алып, удургута берсе болот.

Эмне үчүн кызматтан айрылып калган саясатчы сөрөйлөр бир эле сценарий менен улам-улам өлкөдөгү абалды козутуп атышат? Анткени алар дагы иштегенди билишпейт жана каалашпайт. Андан көрө кимдир бирөөнүн дестабилизация боюнча буюртмасын аткарып коюп, дагы бир транш алып алган жеңил эмеспи. Бакиевдин акчаларыбы, же эл аралык демөөрчүлөрдүкүбү – айырмасы канча. Өзөгү бир болуп атпайбы – кырдаалды курчутуу, акыл-эстүү, билимдүү адамдарды качыруу, бир гана башкарууга баш ийип берген дээри төмөндөрдү калтыруу. Өлкөнүн калдыктарын дүңүнөн жана бириндетип сатып ийүү үчүн. Ошондуктан алар жогото турган эч нерсеси жок акылсыз жана каны кайнап турган жаштарды колдонушат. Жаш жигит бир-эки күн чаң-тополоң салып койсо, өзүнө эч кандай зыяны жок да. Ичиндеги бугун чыгарып алат, көңүлүн ачып, аны анан бир жыл бою эстеп, соткага тартып алгандарын досторуна көргөзүп, маашырланып отурат. Тополоң салуу эриккенден дарт-дабаа болуп калды го.

Мындай ахвалда милиционерлерди гана аяп, сыйлап кетет экенсиң. Жаалданган жаштар алардын жол каптарынын ичин аңтарып, ич кийимдерин, баш кийимин, анча-мынча боорсок-нандарын чаңга аралаштыра тепселеп жатканда да бардык күчү менен карманып турушту. Кыргыздын жаштары улууларды да, бийлик өкүлдөрүн да, эч кимди сыйлабай калыптыр.

Ушундай абалда бул өлкөдө кантип жашоо керек? Билбейм. Бирок баарынан жаманы, качууга да жер жок да. Кайда барбайлы, чочун бойдон кала беребиз. Ошондуктан баарыбыз чогуу эмне кылыш керектигин ойлонолу. Бул окуялар жаалданган жаштарды эч ким келип тынчтандырып бербестигин көрсөттү. Ошондуктан булар менен сүйлөшүүнүн жаңы ыкмаларын издеп табыш керек. Бийлик сүйлөшүүлөргө барууга аракеттенүүдө, бирок бул жаштарда өз убадаларын да аткарууга жөндөмү жок экен.

Ошондуктан ар бир акыл-эстүү кыргызстандык өз ички туюмун угуп, ушундай окуялардын кайталанышына жол бербеши керек. Дагы бир-эки ушул сыяктуу митинг болсо, башаламандык биздин шаарда, биздин көчөдө, биздин үйдө башталат.

Лейла Саралаева




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru