Айбат » Бир коррупционер үчүн революция жасоо максаттуубу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бир коррупционер үчүн революция жасоо максаттуубу?

Келдибеков АхматбекОппозициялык маанайды карманган басылмалардын эки сөзүнүн бири эле «революция» болуп жатканын көрүп келебиз. Өздөрүн каржылап аткан оппозициячылдар бийликке барып калса, алардын арты менен дагы бир кызматка барып калабызбы деп үмүт арткан журналисттер да жок эмес. Мына ушундай басылмалар коррупцияга шектелип камакта жаткан Акматбек Келдибековду сүттөн ак көрсөтүү менен алектенип келишет. Ырасын айтканда анын таза мээнети менен мультимиллионер болуп алганына өздөрү деле ишене алышпайт. Бирок, анын туугандары менен үзөңгүлөштөрү тараптан келип аткан финансылык каржылоону акташ үчүн бийликти колдорунан келишинче шыбап келишет. Эске сала кетсек кече жакында эле парламент отурумунда Башкы прокурор Аида Салянова Акматбек Келдибековго тагылып жаткан айыптар негиздүү экенин конкреттүү фактылар менен бекемдеп айтып берген. Албетте, муну менен ал Келдибековду толук күнөөлүү деп айткан эмес. Болгону тагылып аткан айыптардын негиздүү экендигин ырастаган. Бирок, Келдибековго жан тартымыш болуп аткан саясатчылар менен басылмалар куру сөз менен эле аны ак көрсөтүшүп, бирок кайдан келген каражаттарга ал кабат-кабат хан сарай, катар-катар кымбат баалуу машине, гектар-гектар жер тилкелерин, 14 коттеджди сатып алганын аныктап айта албай келишет. Анын мамлекеттик кызматта туруп алган айлыгынан 2-3 эсе көп тапкан базардагы мекендештерибиз деле 20 жылдан бери бир үй менен бир машине алганга гана араң жетишип отурушса, эч кандай бизнеси жок Келдибеков кантип ченебей байып кетиши мүмкүн эле? Азыр аны коргоо үчүн түзүлгөн комитетти, «бошоткула» деген талап менен чыгып келишкен митингдерди каржылоого эле канча каражат кетти. Акчасы жок киши ушундай кыла алат беле? Бул бир. Экинчиден, кыргыз тилдүү басылмалардын бири болгон «Майдан» гезити «Келдибековду бошотуу үчүн сөзсүз эле революция жасаш керекпи?» деген суроо коёт. Албетте, бул гезиттин ээси ким экенин жакшы билебиз. Тактап айтсак, Келдибековдун досу, Чыңгызхандын «шакирти» Камчыбек Ташиевге тиешелүү. Бирок, досунун гезити болсо дагы, бир адамдын кызыкчылыгын жалпы элдин кызыкчылыгынан жогору койбошу керек эмеспи? «Бир коррупцияга шектелген адамды камап коюптур, жүргүлө революция жасап жиберели» деп чыгуунун өзү жеткен макоолук эмей эмне? Журналистика бул коомдун күзгүсү болушу керек. Тилекке каршы мындай басылмалар көлчүктөгү ылай суудан түрдүү көрүнүштөрдү коомчулукка чагылдыргысы келет. Бир гезитти чыгарып алса эле, элди келесоо ойлоп, бир адамдын кызыкчылыгы үчүн бүтүндөй өлкөгө чаң-тополоң салып жибергиси келгендерди ким деп атоого болот? Эл душмандары эмеспи? Мындай чолок ойлонгон адамдарды акылына келтириш үчүн эмне кылыш керек. Өздөрүнүн тили менен айтканда «сөзсүз эле камаш керекпи?».

Айбат гезити №76



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru