Айбат » «Бир болдун» катарында криминалдар барбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » «Бир болдун» катарында криминалдар барбы?

Бир бол

Чоң саясатка «Ак жол» партиясынын атынан аралашып, апрель окуясынан кийин «Республиканын» туусу алдында депутаттык мандат тагынган Алтынбек Сулаймановду кимдер билбейт. Башында «Челюсть», кийинчерээк «Алтындай жигит» атка конгон Сулайманов «Республика» фракциясынын лидерлигине чейин жетти. Ошол мезгилде финансы полиция кызматы, «Темир» ишканасы, «Манас» аэропорту сыяктуу мекемелерге көздөй кишилерин дайындатып, «ити чөп жегенин» жазбаган гезит калган жок. «Адам болгон сайын болсо дейт» деген чын белем, Алтынбек Турдубаевич мындай ийгилигине ыраазы болбой, «Бир бол» аталыштагы жаңы партия түптөдү. «Биздин партияда таза, жаңы адамдар болот. Жаш, илим-билимдүү, жаңыча ой жүгүрткөн жаштарды партиябызга тартабыз» деген убада сөз жүзүндө калганы турмуш жүзүндө далилденүүдө. Буга 13-апрелде Токтогул шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгы тирүү мисал. Шаардык кеңештеги 21 орундун үчөө «Бир болдун» энчисине тийди. Партиянын тизмесинде 11-сапта турган Өзүбеков Аманбек Бүркүталиевич баарынан өзгөчөлөнүп, көзгө дароо чалдыгат. Бул жигитти кетментөбөлүктөр жакшы таанышат. Окурман журтчулугу үчүн кепти башынан баштайлы.

Кыргыз «криматалыгы», маркум Рыспек Акматбаев 2005-2006 -жылдары аябай катуу чыгып, ал кездеги өкмөт башчысы Феликс Куловдун отставкасын талап кылып, Ак үйдүн алдында митингге чыкканы маалым. Ошондо Акматбаевди Аман, Эсен аттуу токтогулдук эгиз балдар кайтарып жүргөнү «дүң» дей түшкөн. Муну тастыктоочу сүрөттөр, тасмалар интернет булактарында толтура. Р.Акматбаев окко учкан соң Аман, Эсен Россияга качып кетишкендей болушкан. Арадан жылдар өтүп, Аман, Эсен мекенине кайтып келишти. Баарынан жакабызды карматканы, булар тынч жашагандын ордуна минтип «Бир болго» кирип, шаардык кеңешке депутат болууга ашыгып жатышат. Эмдиги жылы парламенттик шайлоо өтөт. Мына ошондо Аман Бүркүталиевич дагы Жогорку Кеңешке депутат болом деп чамынбайбы? Алтынбек мырза балким Аман Өзүбековдун таржымалынан кабардар эместир, андыктан, буга өзгөчө көңүл буруп, конкреттүү чечим кабыл алганы оң. Болбосо ал келечегине кедергисин тийгизиши толук ыктымал…

Айбат гезити №76




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru