Айбат » Ичкен кудугуна түкүргөн Исмаил Исаков

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ичкен кудугуна түкүргөн Исмаил Исаков

Исаков ИсмаилПарламенттин 30-апрелдеги жыйынында КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен ушул эле фракциянын өкүлү Исмаил Исаковдун ортосунда кайым айтышуу болду.

Чыныбай Акунович өз сөзүндө Исаковду фракция курамынан чыгып кетүүнү чакырды. «Сиз үчүнчү ирет коалицияга кирип жатасыз, бирок, фракциянын ишине аралашкан жоксуң. Эгер сизге фракциянын иши жакпаса, анда фракциядан чыгып кетиңиз. Сиз кичине сый мамиле кылсаңыз жакшы болмок» деген Турсунбековдун кебине териккен генерал фракция курамынан кетпей тургандыгын жана кааласа, Чыныбай Турсунбеков өзү чыгып кетишин билдирди.

Исмаил Исаков чын-чынына келгенде КСДП фракциясынын курамында болгону менен өзүн оппозициячыл депутаттай алып жүрөт. Тилекке каршы, мамлекеттин бүтүндүгү, өнүгүү, партияны бекемдөө жана анын аракетин кубаттоонун ордуна Исаков трайбалисттик маанайларга алдырып, акыркы убакта же өзгө эмес, же өз эмес болуп жүрөт. Бакиев тарабынан куугунтукталып, камакка алынганда ким колдоп, ким түрмөдөн сууруп чыкканын унутуп калгандай. Кимдин аркасы менен депутат болуп отурганын билеби? Келдибеков, Мамырова же Нарматова ошол кыйын кезеңде Исаковду карап койду беле?

Ошондуктан кыйналбай эле фракциядан чыгып кетпейби? Ичкен кудугуна түкүрбөй.

Айбат гезити №76



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru