Айбат » Алга Кылычев: «Эмгек ырын ырдай турган убак келди»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Алга Кылычев: «Эмгек ырын ырдай турган убак келди»

Кылычев Алга- Алга мырза, 1-Май эмгекчилердин эл аралык майрамы. Сиздин оюңузча бул майрамдын маани-маңызы учурдагы биздин коом үчүн канчалык керек болуп турат?

– Бул суроо учурдун суроосу болуп турат. Ачыгын айтканда элибиз көптөгөн жылдардан бери карай эле жазда жарышып жер айдап, эгин эгип, күздө мол түшүм жыйноо аракеттерин көрбөй калды. Албетте, эмгектенип аткан мекендештерибиз бар. Бирок, тилекке каршы аз. Мунун башкы себеби, коомубуз өтө саясатташып кеткенинде болууда. Кайда барсаң да, саясатты сүйлөп отургандарга жолугасың. Бирок, саясат деген нерсе өлкөнү өнүктүрүп, адамдардын жашоосун оңдоп жибербейт экен. Ошентип биз ондон ашуун жылдарды жөн эле курулай саясатка алдырып жибердик. Эми кайрадан колго кетмен кармап, эмгектин ырын ырдай турган убак келди. Болбосо саясый оюндар менен алпурушуп жүрө берсек, мамлекетибизди да жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ар бир жаран өзүнүн кесибине жараша эмгек кылып, маңдай терин агызса ошол өлкөгө кошкон салымы болот. Мен элибизди алдыда келе жаткан эмгекчилердин майрамы менен куттуктап, бардыгын эмгектенүүгө чакырып кетет элем

- Саясатты таштап, эмгектенүүгө өтүү үчүн кандай аракет кылышыбыз керек?

– Биринчи кезекте элим-жерим деген саясатчыларыбыз өздөрүнүн саясый оюндарына карапайым элди курал катары колдонууну токтотуулары керек. Ошондо элибиз өздөрүнүн жумуштары менен алек болот. Экинчиден, ар бирибиз өзүбүздүн жана өлкөбүздүн келечегин маңдай тер менен тапкан эмгек аркылуу түзө турганыбызды түшүнүшүбүз зарыл.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №76




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru