Айбат » ММК булактары саясый оюндардын куралы болбошу керек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » ММК булактары саясый оюндардын куралы болбошу керек

ГазетаЖогорку Кеңештин депутаты Э. Кочкарова сунуштап жаткан «Кылмыш жасагандыгы тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн» мыйзам долбоору коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Айрымдары муну ачык эле сөз эркиндигине кысым көрсөтүү катары кабылдап, коомчулукка да ошондой пикир жаратууга далалат жасап келет. Өзгөчө оппозициялык маанайдагы басылмалардын ээлери «чырпыктан чынар терек өстүрүп чыгуу» менен алек. Биз бул мыйзам долбоорунун бүгүнкү күндө канчалык маанилүү экендигине токтолуудан мурда, учурдагы ММК булактары берип келе аткан түрдүү маалыматтардын күңгөй-тескейине кыскача көңүл буруп көрбөйлүбү? Маселен, айрым басылмалар, телеканалдар кайсы бир саясатчы, же коомдук ишмер тууралуу өтө оор кылмыштарга айыптаган маалыматтарды тартынбастан эле, тактабастан туруп чыгарып жиберишүүдө. Айрымдары «биздин угушубузга караганда ушундай имиш» дешип ал тагылып жаткан айыптын факты эмес экендигин өздөрү эле ачыктап коюшат. Бирок, маалымат булактары бул коомдук пикирди түзүүчү бирден-бир курал болгондуктан маалыматта берилген адамдын күнөөсү жок болсо дагы эл арасында тескери пикир жаралып калат. Анан ал саясатчыны, же коомдук ишмерди өзүнө оппонент катары эсептеген башка саясатчы өзүнө караштуу басылма аркылуу саясый беделин түшүргүсү келсе, ошого окшогон ушак-имиштердин бардыгын пайдаланып, кеңири макала кылып жарыялатат. Айтор, ачыгын айтканда азыркы тапта саясатчылар ортосунда маалымат согушу жүрүп келет. Ал эми алар үчүн бирден-бир негизги курал – бул журналист журтчулугу болуп калууда. Албетте, карапайым эл өзү деле кимдин-ким экендигин билип, кайсыл басылма чындыкты жазаарын, кайсыл басылма кимдин заказын аткараарын жакшы аңдап калышты. Бирок, жалган маалыматты деле кайра-кайра кулакка куя берсе, ал акырындык менен кандайдыр бир таасирин сөзсүз берет эмеспи? Мына ушул жагынан алып караганда бул мыйзам долбоору учур үчүн өтө маанилүү болуп турат. Качанкыга чейин сөз эркиндигин жалган маалымат, ушак, имиш, көралбастык, бут тозуулардын куралы катары колдоно беребиз? Экинчиден, бул мыйзам долбоорунун аты эле айтып тургандай кимдир-бирөөнү кылмыш кылган деген жалган маалымат үчүн гана жоопкерчилигин тартууга багытталган. Мына ушундай жалган маалыматты таркатып коп, анан «Мындай маалыматты кайдан алдың эле, кантип аныктайсың, аныктап берчи» деген суроолор жаралса эле, «Сөз эркиндигин кысып атышат, менин укугумду бузуп атышат» деп чыга калуунун өзү цивилдүү өлкөдө жашаган адамдын айтаар сөзү болобу? Ошол маалыматты таркатып аткан адам биринчи кезекте өзү кимдир-бирөөнүн атын жөнү жок каралап, укугун бузуп атканын түшүнүшү керек. Бардык эркиндиктин чеги болушу керек. Ошол эле учурда сөз эркиндигинин да. Сөз эркиндиги деп каалаганындай сүйлөй бергенде болбойт. Ал сүйлөнгөн сөздөр, маалыматтар башка бирөөнүн укугун бузбай тургандай болушу шарт. Андыктан бул мыйзамды кабыл алсак, маалыматты берген адам дагы, аны таркатып аткан журналист дагы маалыматтын аныктыгын иликтеп, анан чындык экенине көз жетсе, чыгарып калат. Экинчиден, бул мыйзам долбоору журналисттердин сасык саясаттын куралы болуп калышынан сактайт. Эң башкысы эгерде журналист өзүнүн профессионалдуулугуна ишенсе, так маалыматтарды гана бере турган болсо, бул мыйзам долбоорунан эч кандай коркууга негизи жок. Болгону өзүнүн жазып аткан маалматынын чындык экенинен шек санагандар гана каршы чыгышы мүмкүн.

Чолпон Кочоркулов

Айбат гезити №76




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru