Айбат » Кубан Абдымен: “Кочкарованын мыйзам долбоору чексиз эркиндикти туура эмес пайдаланган журналисттерге пайда алып келет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Кубан Абдымен: “Кочкарованын мыйзам долбоору чексиз эркиндикти туура эмес пайдаланган журналисттерге пайда алып келет”

Кубан Абдымен- Кубан мырза, бүгүнкү күндө ММК булактары саясый оюндардын куралы болуп жатканына кандай карайсыз?

– Саясый оюндардын куралы бир эле массалык маалымат каражаттары эмес, айрым саясатчылар өздөрү да болуп келет. Чындыгында акыркы учурларда бир тараптуу каралаган, же бир тараптуу гана мактаган басылмалар көбөйдү. Буга албетте тескери көз караштамын. Журналист журтчулугу бардык жагдайларга тең салмакта караган, чындыкты гана чагылдырган күзгү болушу керек. Эгерде айрым саясатчылар өздөрүнүн колунда кандайдыр бир маалымат булагын кармагысы келсе, аны каржылап турса болот. Бирок, ал басылманын журналисттерине атайын тапшырма берип, «ушундай кылып жазгыла» деп минип алганы туура эмес. Андай болсо, Кыргызстанда ММКнын деңгээли өспөйт. Басылмалар кайсы бир саясый топтун куралы болуп гана кала берет.

- ЖК депутаттары кабыл алган «Кылмыш жасагандыгы тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн» деп аталган мыйзам долбооруна пикириңиз кандай?

– Кыргызстанда биз өзүбүз жетишкен эки нерсени көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Биринчиси, демократиялык багытта бара жаткан жолубузду. Экинчиси сөз эркиндиги. Бирок, тилекке каршы бизде сөз эркиндиги өтө чексиз болуп кеткендиги көрүнүп атат. Кимдир-бирөөлөрдүн үстүнөн жалган айыптарды таккан маалыматтар, макалалар чыгып атат. Ошондон улам депутаттар жалган маалыматтарды токтотуу үчүн аны таратып жаткандардын акыл-эсине келишин күтүп отура бергенде болбой тургандыгына көздөрү жетти. Ошого байланыштуу ушул мыйзам долбоорун кабыл алып жатышат. Албетте, мунун терс жагы да болушу мүмкүн. Бирок, эгер аны туура колдоно билсек, анда чексиз эркиндикти туура эмес колдонуп аткан журналисттерге пайда гана алып келет. Коомубуздун коопсуздугуна коркунуч келбей калат.

Айбат гезити №76




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru