Айбат » Мар Байжиев: “Саясатты артка таштап, эмгектене турган учур келди”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Мар Байжиев: “Саясатты артка таштап, эмгектене турган учур келди”

Мар Байжиев- Мар мырза, алдыда 1-Май эмгекчилердин эл аралык майрамына карата элге эмне каалоо айтат элеңиз. Бул майрамдын маани-маңызы бүгүнкү биздин коом үчүн канчалык зарыл болуп турат?

– 1-Май эмгекчилердин майрамын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өзгөчө шаң менен белгилешет. Май айынын келиши менен адам баласы жаңыча жашоо баштап, жер айдап, эгин эгип, айлана-тегеректи тазалап, айтор тынымсыз эмгектенүүгө өтөт. Тилекке каршы биздин өлкөдө көптөгөн жылдардан бери карай эле жаздын келиши менен эмгектенүүгө өтпөстөн, ар кандай башаламандыктарды өткөрүүгө гана кам уруп калган адамдар көбөйдү. Бул мактана турган көрүнүш эмес. Ошондой адаттардын айынан жашоо-шартыбыз дагы деле оңолбой келе аткандай болууда. Саясат деген нерсе борбордон айылдарга чейин барып алды. Мурда саясат менен саясатчылар гана алектенип, башкалар өз кесиптери менен эмгектенип келсе, азыр бардыгы саясатчы. Андыктан эми ошол саясатты артка таштап, кайрадан эмгектенүүгө өтүшүбүз керек. Эмгек саясатын жүргүзөлү. Ошондо гана биз ар бирибиз өз өлкөбүз үчүн пайдалуу салым кошкон болобуз

- Эмгек саясатын кантип жүргүзө алабыз?

– Муну ар бир адам өзүнөн баштаса эле жүрө баштайт. Жыйырма жылдан ашуун убакыт жакшы эле бекерпоздукка алдырдык. Ал ортодо бийлик талашкан саясатчыларыбыз элибизди да саясатчы кылып бүтүштү. Бирок, жалаң саясат менен мамлекеттин экономикасын, элдин жашоо-шартын оңдоого мүмкүн эмес экендигин билдик. Андыктан эми ар кимдин тилине алданбай, өзүбүзгө тиешелүү жерлерди иштетип, эмгектенип баштасак эле акырындык менен алдыга жыла баштайбыз. Болбосо, артка карай жол жок калды.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №76



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru