Айбат » Элдин үлүшү элге…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Негизги » Элдин үлүшү элге…

Кылычбеков ТемирбекКыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин, мамлекеттик  үлүштөрдү менчиктештирүү жүрүп жаткан кезде, кээ бир адамдар элдин үлүштөрүн жасалма документтерди жасап алып, элге тийген үлүштөрдү  тартып алган учурлар кездешпей койбойт. Мына ушундай көрүнүш Чүй областынын Жайыл районунда  болгонун Кылычбеков Темирбек байке тастыкталган документтерин көтөрүп биздин редакция кайрылган.

- Саламатсызбы Темирбек байке, биринчиден өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?

– Мен Кылычбеков Темирбек Асанканович, Жайыл районунун Фёдеровка айылынан келдим. Фёдеровка  айылы болсо мурунку Сары-Коо айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан. Мурунку “Достук” бириккен дыйкан чарбасынын мүчөсү, 1994-1996 -жылга чейин башкармалык кызмат өтөгөм.

- Сиз көтөрүп жаткан маселе жөнүндө айта кетсеңиз?

– Азыркы күндө Фёдеровка, Жекен, Жоон-Арык айылдарына тиешелүү мүлктөрдүн мыйзамдарын бузуп, 1021 кишинин менчик үлүштүк  пайын жасалма документ менен элден тартып алышты. Бул иш боюнча 2005-жылы 25-октябрда Чүй областтык прокуратурасы тарабынан иш козголгон. Бирок, аны Чүй областтык прокуратура иш козгоп коюп, аны Жайыл районунун прокуратурасына жиберген. Жайыл районунун прокуратурасы бул ишти ар кандай шылтоолор менен 9 жолу жабышкан. Бирок, биз акыркы жолу 2012-жылы апрель айларында кайрадан башкы  прокурор Салянова  Аида Жеңишбековнага  кат жазып, токтотулган иштердин баарын жокко чыгартканбыз. Азыркы күндө Чүй областтык прокуратурасына “кайрадан текшерилсин” деп Аида Салянова буйрук берген. Чүй областтык прокуратурасы бул ишти кайрадан Жайыл районунуна жиберип, аякта бул ишти тергөөчү Насипбеков 6 ай кармап, эчтеке жыйынтык чыгарбагандан кийин, биз арыз жазып, кайра Чүй областтык прокуратурасына, Чүй областынын Чүй ИИБсына алып келгенбиз. Ошондон бери 2012-жылдын июнь айынан бери мына эки жылга жакындап калды Чүй ИИБсы эчтеке иш  кылбай кармап жатат.

- Темирбек байке сиздин талабыңызды айтсаңыз?

– Менин талабым  элдин мүлкүн элге кайрып берсин. Себеби, биздин чарбада 28 трактор, 32 машина, 13 эгин чапкан комбайн жана ар кандай  техникалар бар эле. Ошолордун барын 1300 сомдон, 1700 сомдон сатылып кеткен. Эмнеге мындай арзан сатылгандын себеби, өкмөттүн 1995-жылкы 442-номери менен негизги фонддун кайрадан баалоону атайын кылбай койгон.  Мына бул жөнүндө жогорку кеңештин токтому бар, ал жерде “эгерде үлүшкө болгон укугу бузулса, ошону кайрадан кайрып берилсин” деп жазылып башкы прокурорго бекитип беришкен.

- Ошондо бул иштерге кимдер күнөөлүү болуп жатат?

– Буга күнөөлүү мурунку башкарма  Сатаев Нурдин Асанбекович, мурунку айыл өкмөтү Жумабаев Нурадил Бейшенович, мурунку агро департаменттин башчысы Исаев Автандил. ОсОО “Жеңиш” агрофирманын президентти Шут Александр Сергеевич анан нотариус Бекбаева  мына ушул беш киши документтерди жасап, элдин мүлкүн тартып алышкан.

- Ошол тартып алынган жерлер азыркы учурда кимге тиешелүү?

– Ал жерлер азыркы учурда Шут Александр Сергеевич баарын 1 миллион 600 миңге сатып алган. Убагында менден кийинки жетекчи Шатаев Нурдин Асанбекович 23-октябрь 1995-жылкы өкмөттүн 442-номериндеги негизги фонддун кайрадан баалоону атайын кылбай койгон. Анткени, 28ден 30 миллионго баалана турган мүлктү алар 1 миллион 600 миңге сатып жиберген. Жарымын өзү алып жарымын Исаев Автандилге саткан. Ага азыр Шут Александр ээлик кылат.

- Азыр ошол “Жеңиш” агрофирмасы иштеп жатабы?

– Ооба, ал азыркы учурда иштеп жатат, анын жетекчиси Шут Александр.  “Жеңиш” агрофирмасында биздин 1021 кишибиз жалданып иштеп жатат.

- Мындан аркы кадамыңар кандай болот?

– Мындан аркы кадамдарыбыз,  мына  силер аркылуу чындыкты  издөө менен бирге ушул ишти ачык элге жазып берсеңер анан ушул ишти аягына чейин өкмөткө укугубуз угулса деген өтүнүч. Бир журналистти бизге кошуп, ошол ишти өз көзү менен көрүп, элдерден сурап, чындыкты жазып чыксаңар жакшы болот эле. Эң негизгиси чындыкты чыгарып, элге тиешелүү мүлктөрдү элге берүү.

P.S.  Ооба, эгемендүүлүктү алганда көптөгөн кишилер өз кызыкчылыгын ойлоп, карапайым элдерди алдап, өз курсактарын тойгузушкан. Алардын кылмыштары азыркы күнгө чейин ачылбай жаткандары бул адамды кейитет. Бирок, акыры бардыгы ачыкка чыгып өз ордуна келет деген терең ишенимибиз бар. Биздин газетабыз Жайыл районундагы мындай ыплас иштерди аягына чейин  иликтеп элдерге жана бийлик өкүлдөрүнө кабарлап турабыз.

(Иликтөөбүздүн жыйынтыктарын кийинки сандарыбыздан
окуй аласыңар)

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №76




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru