Айбат » Эмгек гана адам баласын ийгиликке жеткирет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эмгек гана адам баласын ийгиликке жеткирет

эмгекБиз бала кезде күн жылымдап жаз мезгили келгенден тарта эле айлана-тегерек шаңга бөлөнүп, адамдардын маанайы жаркып, бөтөнчө бир майрамдагыдай маанай жаркырап турар эле. Айыл жерлеринде айдоо аянттары кудум майрамдык аянтчага окшоп, таң аткандан күн батканча шаңга бөлөнүп турчу. Талаа жумушуна тартылбагандар жок дегенде өзүнүн короосунун тегерек-четин тазалап, чакан бакчасына арыктарды чаап, суу жүгүртүп, таңдан кечке бош болушчу эмес. Мектептин жогорку класстарынын окуучулары, ЖОЖдордун студенттери айыл жерлерине барып колхоз-совхоздорго жардам беришчү. Мунун баары кандайдыр бир мойнунан байлап алып иштетип жаткандай түр менен эмес, чын дилинен, чын ниетинен жасалып жатканы байкалчу. Ага жараша элдин жашоо-турмушу да бардарчылыкта болуп, эртеңки күнүнөн санааркаган адам болчу эмес. Тилекке каршы ал доордун (СССР) кыйрашы менен өз алдынча мамлекет болгон өлкөбүздө мына ушул эмгектенүүнүн майрамдык шаңы жоголду. Өзгөчө акыркы 10 чакты жылдан бери карай жаз айларын эмгек шаңы үчүн күтпөстөн, дагы кандай башаламандык болуп кетээр экен, дагы кимиси кандай митинг өткөрүп, кайсыл жолду тозуп салаар экен деген кооптонуулар менен тозуп калдык. Мурда бийликке кимдин келип, кимдин кетип атканы менен иши жок карапайым эл гана эмес, бешиктен бели чыга элек бала да саясатты саймедирей турган болду. Айтор, бир учурда кайнап турчу эмгек саясаты жоголуп, бийлик үчүн гана күрөшкөн саясат бүтүндөй өлкөбүздү тумоо оорусундай эле каптап алды. Биз менен катарлаш эле эгемендикке ээ болгон Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери 1990-жылдардын башында экономикалык жактан биз менен бирдей деңгээлде болуп келсе, арадан 20 жыл өтүп чаңында калтырды. Бул албетте коңшулаш өлкөлөрдө саясый оюндардын аз болуп, эли саясатчылардын куралына айланбастан, жаратмандык иштер менен алектенгенинин натыйжасы болду. Дүйнө мамлекеттеринин таржымалына саресеп салсак, кайсыл мамлекеттин эли тынымсыз эмгек менен алпурушуп аткан болсо, ошол мамлекеттин экономикасы гүлдөп өнүгүп, элинин жашоосу да жалган дүйнөнүн бейишиндей болуп баратканы байкалат. Ошондон улам эми биз өзүбүзгө-өзүбүз «ушунча жылдан бери саясаттын кара казанын кайра-кайра кайнатып атып, кандай натыйжа таптык?» деген суроону берчү мезгил келип жетти.  Кечээ эле биздикиндей абалда турган боордош казак эли 20 жылда бизге салыштырмалуу космостук ылдамдык менен алдыга кетти. Кытай Эл Республикасы экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээлеп отурат. Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттери да бизди азыр теңине албагандай карап турушат. Мунун себеби эмнеде? Себеби – биз өзүбүздүн ата-бабадан келе жаткан нарк-насилибизди жоготуп, демократиянын эпкини менен Батыштын бардык терс көрүнүштөрүн өлкөбүзгө кийирип алып, аны адатка айлантып, азабын тартып жатканыбызда. Митинг, пикет, жол тосмой, басып алмай өңдүү өнөкөттөр менен биз өзүбүздү өзүбүз «муунтуп» жатабыз. Өзүбүздүн келечегибизди, урпактарыбыздын келечегин туңгуюкка кептеп барабыз. Кептеп отуруп жардын кырына алып келдик. Андыктан эми ушул саясатка уттурган 20 жылдан ашуун убакытты сабак катары кабыл алып, мындан ары биримдик, ынтымак менен эмгектенүүчү кез келди. Уюткулуу кыргыз эли илгертеден «Эл эмгегин жер жебейт» деп айтып келген. Биз дагы бир жыйырма жылды саясатка уттурсак, анда жаныбызда турган эле Казакстандын караанын да көрө албай калабыз. Биз кыргыз эли өзүбүздү өзүбүз шылдыңга алып келгендей жалкоо калк эмеспиз. Кыргыз эли илгертен эмгекти сүйгөн эл болгон. Буга биздин көркөм адабиятыбыздын  оозеки чыгармаларындагы эмгек ырлары бирден-бир мисал. Маселен, «Оп майда» ыры.

«Орой-орой басканың майда,

Ороо толсун оп майда.

Кырча-кырча басканың майда,

Кырман толсун оп майда», - деп ырдап келишкен ата-бабаларыбыз. Бул дыйкандардын, жер бетин тытып иштеген эмгекчилердин ыры болгон. «Шырылдаң» аттуу ырыбыз бар. Муну жайлоодо түн ката жылкы кайтарган жылкычы жигиттер ырдаган.  Айтор эмгек ырлары өтө көп ырдалган. Андыктан кыргыз эли илгертеден эле эмгек гана элдин ырыскысы экендигин билген. Советтер союзуна куралганга чейин эле кыргыз эли эмгекти шаңга бөлөп, аны ыр менен айкалыштырганды билген. Андыктан, кайрадан ошол өзүбүздүн ата-бабалар улап келген эмгектин байрагын кайрадан көтөрүп, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн эмгектенүүнү шаңга бөлөй турган кез келди. Саясаттын казанында боркулдап кайнап аткан митинг-пикет өңдүү башаламандыктарды төгүп таштап, анын ордуна ата-бабаларыбыз ырдап келген «Оп-Майда» ырын ырдайлы. Эмгек гана адам баласын ийгиликке жеткирет. Эмгек гана өлкөнү күчтүү кыла алат.

Айбат гезити №76




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru