Айбат » ЖКнын “жылдыздары” Жылдыз Жолдошева жана Бөдөш Мамырова кимдин буйругун аткарат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » ЖКнын “жылдыздары” Жылдыз Жолдошева жана Бөдөш Мамырова кимдин буйругун аткарат?

newspapers-2301-ris

Жогорку Кеңеште “жылдыздар” күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Мурда жалгыз эле Жылдыз Жолдошева микрофонду бербей, бир күндө он жолу чыгып, төрага Жээнбековдун айласын он кетирип, кемсинтип, кыскасы, аял затына тиешелүү болбогон сапаттарын бүткүл кыргыз элине көрсөтүп келе жатты эле, эми ага Бөдөш Мамырова да кошулуптур. Мына сага, сыныктан башканын баары жугат деген ушу.

Откондо парламент жыйынында Жолдошева жок болуп калды эле, анын микрофондун жанындагы “законный” ордун жетимсиретпей, Бөдөш Мамырова ээледи. Жолдошева кесиптешинин амалын улай төрага Жээнбековго бир тийди, тилдеди, каарыды. Тобо-о… Жээнбековдун чыдамкайлыгына таң бердик.

Биз билгендей, Жолдошева менен Мамырова “шефи” Акматбек Келдибековдун буйругун “кыңк” этпей аткарышат. Спикерликтен кеткенден бери ичи ачышып жүргөн Келдибековдун эки депутат айымга “жыйын сайын төраганын айласын кетирип тургула” деп буйрук берип койгондой элес калтырат экен…

Ошондуктан, Акматбек мырза, “фу!” деп койсоңузчу, абийир деген керек да.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru