Айбат » КР соттор кеңеши судья А.Камбаралиеваны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » КР соттор кеңеши судья А.Камбаралиеваны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алды

сот чечимКыргызстандын Соттор кеңеши ушул жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун судьясы Айнура Камбаралиеваны мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алды, деп билдирди бүгүн, 30-апрелде аталган Кеңештен АКИpress агенттигине. УКМКнын маалыматы боюнча, 2013-жылдын ноябрь айында УКМКнын Антикоррупциялык кызматы тарабынан Октябрь райондук сотунун судьясы А.Камбаралиеванын мыйзамсыз дайындалышы тууралуу материалдар Судьялар кеңешине жөнөтүлгөн.

Материалда айтылгандай: «Мунун себеби, КР президентине караштуу сот акыйкаты боюнча Улуттук кеңештин сунушунун негизинде, КР президентинин 2007-жылдын 29-августундагы жарлыгы менен судья Камбаралиева ишиндеги кемчилиги үчүн ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулганы тууралуу маалыматтар болду». Бирок, УКМКнын материалдарында көрсөтүлгөндөй, 2010-жылдагы окуядан кийин, КР президентинин 2010-жылдын 11-августундагы жарлыгы менен Камбаралиева мурунку ээлеген кызматына кайрадан дайындалып, бул кызматты ээлеши КР «КР судьяларынын статусу жөнүндө» 17-беренесинин 3-бөлүмүндөгү 2-пунктуна каршы келген. Аталган берене боюнча кемчилигинен улам мурда ээлеген кызматынан бошотулган судья КР жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындала албайт.

Учурда КР Соттор кеңеши тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Айнура Камбаралиеваны мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим чыгарылды.

Айбат гезити №76




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru