Айбат » Кыргызстан тышкы иштер министрлиги Улуу Британиянын элчисине нота тапшырды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргызстан тышкы иштер министрлиги Улуу Британиянын элчисине нота тапшырды

МаргаретКыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 30-апрелде КРдеги Улуу Британиянын элчиси Джудит Фарнвортго нота тапшырып, анда биргелешкен кызматташтыкка болгон даярдыгын жана мыйзамсыз чыгарылган активдерди тоңдуруу жана кайтарып алуу маселелери боюнча кылмыш жоопкерчилиги жаатында активдүү кызматташуу даярдыгын билдирди.

Дүйнөлүк ММКларда жана Улуу Британия менен Түндүк Ирландиянын Биргелешкен Королдугунун өкмөтүнүн сайтында жазылгандай, Улуу Британия украиналык коррупционер делген адамдар уурдап чыккан каражаттарды издөөдө жардам кыла баштаган. 2014-жылдын 29-апрелинде Улуу Британиянын Олуттуу алдамчылык менен күрөшүү боюнча Башкармалыгы 23 млн АКШ долларлык активдерди тоңдуруу жана иликтөө боюнча иштерди баштаганын билдирген.

«Буга байланыштуу Министрлик Кыргыз Республикасынын К.Бакиевдин кылмыштуу режимине тиешелүү жана кыргыз соту тарабынан соттолгондорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу, баш паанек бербөө, мыйзамсыз чыгарылган активдерди тоңдуруу жана кайтарып алуу жаатында Улуу Британия тарабынан убагында жооп болбогонуна терең нааразычылыгын билдирет», – деп министрликтин билдирүүсүндө айтылат.

Анда белгиленгендей, Кыргызстан ТИМ британ тараптын кош стандарттуулугуна таң калуусун билдирип, адилеттүүлүк талабын эске алуу менен британ тарап дал ушундай аракеттерди Максим Бакиевдин жана анын жакындарынын каражаттарын тоңдуруу боюнча активдүү аракеттерин көрөт деп үмүттөнөт.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №76



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru