Айбат » Кочкор районунда спорт мелдеши болуп өттү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кочкор районунда спорт мелдеши болуп өттү

Кочкор футбол кубокРайондогу жаштардын демилгеси менен Кара–Суу айылындагы Шапак Рысмендеев мектебинде окуучулар арасында футбол боюнча турнир болуп өттү. Аталган турнирге  6 команда катышып өз ара күч сынашышты. Жеңген командаларга кубок, акчалай сыйлыктар жана 20 футболдук футболкалар тапшырылды.

25-апрель күнү Райондук Эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү жана райондун жаштарынын демилгеси менен өспүрүмдөр арасында кыргыз элинин улуттук оюну болгон ордо боюнча турнир өткөрүлдү. Турнирге  райондун айылдарынан жети команда жана Нарын шаарынан бир команда келип күч сынашышты. Турнирдин жеңүүчүсү болуп Нарын шаарынан келген команда жеңип алса экинчи орунду Ормон-Хан айылынан келген команда алды. Ал эми үчүнчү орунду Семиз-Бел айылынан келген команда камсыз кылды. Турнирдин демөөрчүсү Эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү СДПК саясий партиясы жеңүүчүлөргө кубок жана акчалай сыйлыктар ошондой эле грамота, ыраазычылык каттары тапшырылды.

 Айбат гезити №76



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru