Айбат » «Ленгидропроект» жогорку Нарын, Акбулуң ГЭС каскадынын негизги курулуштарына инженердик иштерди баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Ленгидропроект» жогорку Нарын, Акбулуң ГЭС каскадынын негизги курулуштарына инженердик иштерди баштады

Нарын ГЭС каскад«Ленгидропроект» ААКы (Санкт-Петербург шаары) 20-апрелден баштап Акбулуң ГЭСи, Нарын ГЭС-1ге негизги курулуштарына талаа инженердик-иликтөө иштерин баштады. ГПИ «Кырызгипрозем» курулуш башкы пландын негизинде талаа иштерин баштады. ТЭОнун негизинде курулуштун даярдык этабынын биринчи кезекте турган объекттер боюнча жумуштар жасалды.

Вахталык турак-жайларды куруу боюнча иштер улантылууда, төмөнкү объекттер боюнча курулуш-монтаждык иштер аяктады: вахталык шаарчанын КППсы, администрация имараты, 50 орундуу командировкага жиберилген адистердин 2 мейманканасы; башкармалар үчүн 4 мейманкана, 170 кишилик ашкана, жумушчулар үчүн 124 орундуу жатакана, 27 кишилик ИТР үчүн жатакана, дүкөн.

Ошондой эле колдонууга подстанциялар, жабдыктар киргизилип, бетон заводунун монтажы жасалып, курулуш материалдарын алуу иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө Нарын ГЭС-1дин жолдорун куруу, ичүүчү суу кудугуна электр зымдарын тартуу, техникалык суу сактагычы, материалдык-техникалык складдын, кранга аянтчанын курулуш иштери улантылууда. Жай мезгилинде бардык иштер тездетилет. Ошондой эле Жогорку-Нарын ГЭС каскадындагы башка жумуштар үчүн подрядчиктерди табуу максатында ачык конкурстар өтүүдө.

Айбат гезити №76



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru