Айбат » Аскат Мусабеков: “Концертте негизинен жаңы чыгармаларым жаңырат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Аскат Мусабеков: “Концертте негизинен жаңы чыгармаларым жаңырат”

Мусабеков АскатКандай гана жанрдагы ыр болбосун ийнине жеткире ырдаган, журтчулукка аттын кашкасындай таанымал инсан, жакынкы күндөрү концерт берем деп,   тыным албай жүгүрүп  даярданып жүргөн Аскат Мусабеков мырза  менен маектештик .

- Арыбаңыз  Аскат байке. Сизди  жана бизди байланыштырып жаткан сиздин чыгармачылыгыңыз, анын ичинен жакында концерт берип жатыптырсыз ошол боюнча кененирээк  айтып кетсеңиз?

-14 жана 15-майда кыргыз улуттук филармониясында буюрса эки кундук  концерт уюштуруп жатабыз.  Буга чейин эки жыл мурун концерт бердим эле. Бул концерт өзгөчө болот,  азыркы учурда суроо талап көбөйүп,  концертти жогорку деңгээлде берип,  чыгармачылыгымды дагы бир тепкичке көтөрөйүн деген ой менен ушул концертти уюштуруп  жатабыз. Концертимди  Бишкек шаардык  эл аспаптар оркестри, мамлекеттик камералык  оркестр дагы  коштогону турат.  Мен өзүм дагы  ар кыл багытта өнөрүмдү көргөзөйүн деп, классикалык жанрдагы ырларды ырдайын деп турам.  Концертибизди  бийчи кыздарыбыз дагы коштомокчу. Ал эми концерттик номерлеримде жаңы чыгармаларым жаңырат,  токсон пайыз жаңы чыгармалар болот деп, айта алам. Бул концертте жаңы альбомум дагы чыгат, эми элге чыныгы сапаттуу концерт бере алабыз деген ойдомун.

-Азыркы учурда көп концерттер өтүп жатат, ырчылар жеке концерт деп атап, көбүнчө сахналаш достору менен өткөрүп коюп жатат да, күйөрмандарыңыз сизден кандай жаңы нерселерди күтөт?

– Мен чыгармачылыкта көп эле адамдар менен жакшы мамиледемин, биз  дагы  эң жакшы мыкты- мыкты деген  ырчыларды чакырабыз, алар жөн эле конок катары ырдап келип кетип калбайт.  Мен ар бир ырдай турган ырчы менен  дуэт, трио ырдайын деп турам,  келе турган конок ырчылар менин чыгармачылыгыма байланыштуу өнөрлөрүн элге тартуулайт .

- Биз билебиз сиздин өмүрлүк жубайыңыз дагы чыгармачыл адам, бул концертиңизге жубайыңыздан башка дагы кимдер колдо көрсөтүп жатат?

– Концертиме  жардам кылып колдо көрсөтүп жаткан Алтынбек Максүтов  филармониянын башкы режиссёру,  ал эми продюссерлик кылып жаткан Жыргалбек Шакиров десем болот. Бул эки адам бириккен жерде жакшы жыйынтык чыгат деген ойдомун.

- Токтогул Сатылганов  атабыздын чыгармалары  элге кеңири жетпей жатканы деги эле Токтогул жылы сиздин оюңузча кандай өтүп жатат?

-Азыркы учурда буга баа бериш жана анализ кылыш эрте деп ойлойм , жыл айлана элек.  Токтогул жылы деп жатат, бул нерсеге арналган канча деген иш чаралар өтүп жатат.  Токтогул жумалыгы да өттү,  Токтогул атаны башкы ролдо Элмирбек Иманалиев ойногон, филармонияда төрт жүз артист катышкан чоң концерт болуп өткөнүнө күбө болдук. Бул шаардагы гана иш чаралар дагы да ушул нерселерди улантып айыл жергелеринде кечелер уюштурулат болуш керек .

- Өткөн жумада  Камила Талиева маданият министри болгонуна нааразы болушкан маданият кызматкерлери өкмөт имаратынын алдына өкүрүп келишти. Сиздин бул көрүнүшкө жеке көз карашыңыз?

– Мен эми ырчы катары ырымды ырдап жүргөн адаммын, анча мынча нерсеге көңүл деле бурбайм.  Мүмкүн ал киши  жакшы иштеп кетер, мүмкүн чын эле иштей албай калаар. Мен ал адам  жөнүндө эч нерсе деп айта албайм. Негизинен өткөндөгү маданият ишмерлери өкүрүп чыкканы бир чети туура болду, алардын ой максаты министрди жумуштан кетириш керек эмес эле. Ошол биздин  маданиятка болгон өкмөттүн мамилесине, көңүл бурбай каражат болбой жатканынан болуш керек , негиз маданиятка көңүл бурмайынча мамлекет өспөйт. Жаңы өкмөттүн курамындагы эжебиздин  платформасында бир дагы маданият жөнүндө иш-чарасы  жок экен,  мени ошол нерсе өкүндүрөт.

– Элдер  « аларга эмне жетпейт,  кинону тартпай эле койбойбу» деп   ич ара сөз кылып жатышат. Ар бир адам баардык ишти өзү үчүн кылат  бирок, булар кыргызга таандык нерсе, мындай ойдон алыс  болушубуз керек. Мына биз чет элге чыгып көрүп жатабыз, чет элдиктер алардын маданиятка кылган мамилесин көрүп ушунчалык таңданасың.

- Маданият кызматкерлерине сыйлыктардын баш аламан берилип жатышына кандай карайсыз?

– Албетте бул нерсени өтө этият, кылдат караш керек деп ойлойм. Чындыгында сыйлыктарды алган адамдар татыктуу эле. Бирок, албай калгандар да болуп жатпайбы. Менин оюмча бир гана кишини айта алам, кыргыздын комуз устасы, Кыргызстандагы концерттерге чертилчү комуздарды, Кыргызстанда эки гана адам жасайт, өзү дагы комузду өтө жакшы черткен, алардын бири Намазбек Уралиев. Бул кишинин комузу жеке  эле кыргызда эмес,  дүйнөнү кыдырып жүрөт . Айтайын дегеним, ошол кишинин эмгеги акталбай, наам  берилбей жүрөт, ошого мен абдан өкүнөм . Билбейм,  бул агайыбыз казактарга барып  домбура чапса абдан сый урматка ээ болмок.  Маданият министри  ошол адамдын баркына жетпей  жатат.  Комузду бул адамдан Самара Токтокунова эжебизден баштап, кичинекей комузчуларга чейин  алат. «Жоону сайса эр сайды аты калды Манаска» дегендей, көшөгө артындагы адамдар калып  жатат. Бул нерсе мени эле эмес  көп эле чыгармачыл адамдарды өкүндүрөт.

- Биз эми  бул темадан  алыстап, чыгармачылыгыңызга келсек, концертиңизде күйөрмандарыңыз кандай өзгөчөлүк көрө алышат? Сахнанын жасалгасы, кийилүүчү костюмдарыңыз   кандай даярдыкта жана билет баасын айта кетсеңиз?

-Азыркы учурда концерт бериш оңой эмес. Кээ бирөөлөр ойлоп калышы мүмкүн, күйөрмандарым деле билет,  сапаты жагына өтө маани берем , сапат бул каражатты талап кылчу нерсе. Сапатсыз концертке  дел жүгүрүп жатышпайбы, бир аз каражат  таап ошол нерсени өз деңгээлине жеткирсем деген оюм  бар, коммерциялык  концерт бергенден алысмын, өзүн-өзү жаап кетсе эле болду. Ал эми костюмдарымды баардыгын жаңы кийип чыкканга аракет кылам, билет баасы болсо беш жүз сомдон жети жүз сомго чейин болмокчу .

- Аскат байке маегинизге чон рахмат, жакында боло турган чыгармачыл кечениз жакшы өткөрүп алыңыз.

– Сиздерге да рахмат ийгилик.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №76



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru