Айбат » Астра Исмаилова: “Мен саясатты ыплас нерсе деп ойлочумун, көрсө шоу бизнес андан ашат экен”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Шоубизз » Астра Исмаилова: “Мен саясатты ыплас нерсе деп ойлочумун, көрсө шоу бизнес андан ашат экен”

Исмаилова АстраБүгүнкү күндө кайсы бир атактуу ырчынын концертине барсаң сахна сонун жасалган, коноктор толтура келген, бийчилер коштоп, өзүнчө эле шоу көрүп келесиң. Ырчы ырын жаздырып, бийин даярдап жүргөнгө араң жетишсе, калган уюштуруучулук зор жумушту ким кылат? – деген суроо туулат. Ошондой уюштуруучулардын мыктысынын бири Астра Исмаилова  менен маек.

- Өзүңүз тууралуу айтып, тааныштыра кетсеңиз.

– Мен Астра Исмаилова  Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Кара-Суу деген айылынан болом. Сегиз бир тууганбыз, төрт уул, төрт кыз. Атабыздан да, энебизден да 2004-2005 жылдары айрылып калганбыз…

1996-жылы КТРдин концерттик студиясында штаттан тышкаркы администратор болуп, Сыдык Акматов деген агайдын колунда иштеп жүргөндө “Кубулжу менин ырларым” аттуу теле-фестиваль уюшулуп баштайт. Ушул фестивалды уюштурган Сыдык Акматов агай жана Сонунбүбү Кадырова деген эжени көрүп, аларга жардам берип, 2001-жылга чейин концерт уюштурган кандай болоорун үйрөнүп, өздөштүрүп жүрдүм. Ага чейин Арабаев атындагы университетте, Мамлекеттик кызмат адистигине тапшырып, окугам.

Союз жаңы тарап, элдин жашоосу бир башкача болуп турган маалда, айылдан жаңы келген мен, бир аз жетишпей жүрдүм. Анан бир тууган тай-жездем Күмөндөр Абыловдун үйүнө келгенде, ал күндөрү концерт коюп жатыптыр, билетин сатып иштеп калдым. 1996-жылдан бери ушу күнгө чейин, менеджерликке жеткеним, ар кандай алган сыйлыктарым ошол билет саткандын арты менен келди, өзүмдүн күчүм менен болду.

Андан бери көптөгөн концерттерди уюштуруп, администратор болдум, Кумөндөр Абыловдукунан башка мисалы Жаныбек Алыкуловдукун, Сема, Кундуздукун жана айта берсең тизме чоң. Тамашоуга да администратор болуп, көп жерге барып, иштеп, жардам бердим. Ошол эле убакта кыргыз режиссёрлорунун кино тасмаларын Россиянын жыйырма шаарына коюп келдик. Артисттерди да он бештен кем эмес шаарына алып барып, концерттерин уюштуруп жүрөм.

- Сиз азыр Гүлжигит Сатыбеков менен иштешип жатыптырсыз, ал ырчы менен кандайча таанышып калдыңыз?

– Бул жигитти мен башынан “Коштошуу” деген ырынан жакшы көрөт элем. Былтыр Кеңеш тобунун концертин уюштуруп жүргөндө, Гүлжигит, “Исфана” деген ыры менен, аргымагы күчтүү болуп тойлордо катуу келе жаткан экен. Ошондой тойлордун биринде – Гүлжигит, кандайсың? – деп эле жанына барып, таанышып калдык. Концертин коёлу деп сунуштасам, өзү да сүйүнүп макул болуп, дароо эле күнүн 26-октябрь деп алсак, кудайдын бир улуу күнү Айтка туура келип калды. Экөөбүз тил табышып, иштешип баштагандан кийин он беш күн өтпөй Ошто, Жалал-Абадда концерт койсок, аншлаг менен өттү. Андан кийин Бишкекте дагы супер аншлаг менен өттү. Келишим менен иштешебиз дегенбиз, бирок ушу күнгө чейин келишими жок, сый, урмат менен ишеничте иштешип келе жатабыз. Ишибиз ийгиликтүү болуп, жылдын аягында Гүлжигит көптөгөн сыйлыктардын ээси болду.

aibat.kg

- Музыкалык билимиңиз барбы, чыгармачылык жактан кандайсыз? Артисттер менен иштешкенде кандай функцияны аткарасыз?

– До, ре, ми, фа-ны билгеним менен керектүү деңгээлде атайын музыкалык билимим жок, анан терең түшүнбөгөндөн кийин музыка жаратыш мүмкүн эмес да. Ошондуктан менин негизги функциям – уюштуруучу. Жакшы, көрүнүктүү, таланты бар артисттердин концертин жогорку деңгээлде уюштуруп, өткөзүп бериш колумдан келет жана менин “моюнумда”. Бары бир, аралашып жүргөндөн кийин аранжировка жана ушу сыяктуу терминдерди түшүнүп калдым, бирок ырчылардын чыгармачылык жагына кийлигишпейм.

Өзүм биринчи классымдан баштап ыр жазып келем, кээде ыр жыйнак кылып китеп чыгарсам дейм, ыраматылык атам дагы ыр жазып калчу да. Биринчи “Чынгыз жана кыргыз” деген ырым, “Ат-Башы жаңылыктары” деген гезитке басылып чыкканда, аябай сүйүнгөм. Бул дүйнөдөн эрте кеткен апамдын эстелигине арнап жазган ырымдан үзүндү окуй кетсем:

Мен эми кимге барам, кимге батам…

Төркүн кылып сырымды кимге айтам?

Жамандыр, жакшыдыр турмушумда,

Апакелеп кимди ээрчип бирге басам?

-  Командаңыз кандай?

– Командам азыр толукталган, Санжар Бердибеков алып баруучу болсо, Максат Тасмаев (Мыкка келдим деген тамашасы бар го) күлдүрүп жүрөт. Ырчы кыз алсам деп жүрчү элем, Эркинай Исаканова деген жаш ырчыны кошуп алып, ыраазы болуп жүрөм, чындыгында жакшы ырдайт, таланты бар. Гастролдорго чыгып, иштеп, такшалып келе жатат. Буюрса келечеги кең, бары алдыда!

- Угуп отурсам ишиңиз ийгиликтүү келе жатыптыр, бирок тоскоолдуктар болгон да?

– Бул кесипте тоскоолдуктар көп болот. Мисалы бир ырчы катуу чыгып, ырлары хит болуп жатса, аны менен иштешип, концертин коюш үчүн администраторлордун арасында кадимкидей талаш, конкуренция жаралат. Артисттин боло турган концертинин афишасын күндүн ысык-суугуна карабай чаптап, талабын талашып келсең, бир-эки күн өтпөй аны айрып, тытып кетишет. Мен саясатты ыплас нерсе деп ойлочумун, көрсө шоу бизнес андан ашат экен. Жаныңда жакшынакай дос болуп туруп, эшикке чыгып такыр башканы сүйлөп таштаган элдер да көп болду. Айта берсең элементардык жерден көрө албастыктар боло берет. Бирок ошого карабастан бири-бирибизге бут тоспойбуз деп, кээде отуруп чай ичип, катышып калабыз.

- Ырчылар менен катышыңар жакшы болсо керек?

– Катышыбыз жакшы. Жаныбек Алыкулов, Кеңеш тобу, Гүлжигит Сатыбеков, Анжелика жана Урматтын үй-бүлөлөрү менен тамак ичип, бирге тойдо болуп калабыз. Чыгармачыл чөйрөдө көп адамдар менен тааныш болуп, убагында Динара эженин да концертинде чуркап жүрдүм.

- 14-апрелде, Таластагы бир концертиңер болбой калып, эл нааразычылыгын билдирип жатышты эле, эмне себеп болду?

– Таласка биринчи жолу бардык. Шашылыш 7-8 апрелге коюп алыптырбыз, анан календарды карап, “ой” деп чочуп кеттим, 7-апрель каргашалуу күн болуп калбадыбы, Кыргызстандын календарында. 8-9на жылдырдык. Биз барган күндөн баштап жаан жаап, кар жаап, аба ырайы өтө начар болуп турду. Биринчи эле күнү свет өчүп, 7де башталчу концертибиз 9да башталды. Элге ыраазы болдук, бири да кетпей күттү. Айылдарды кыдырып концерт коюп, акыркысы Көк-Ойдо болмок, бирок Бакай-Атадагы клубдун акыбалы өтө начар экен, чечинген жери жок, “сквозняк”, авариялык акыбалда. Гүлжигиттин ден-соолугу начарлай түштү, анткени жандуу үн менен ырдап тамагын оорутуп, бир башкача суукта артист көйнөгү менен жүргөн эле да, суукка урунуп калды. Көк-Ой айылынын маданият үйүнө чалып акыбалыбызды түшүндүрүүгө аракет кылдык, себеби эл, Гүлжигиттин аккордеондун коштоосундагы концерт болот деген жарнама менен келсе, анын үнү чыкпай, ооруп турса кандай болуп калат деп…

Силердин гезит аркылуу Таластын Көк-Ой айылынын тургундарынан кечирим сурайм, Талас бизди таарынткан жок, биз таарынтып алдык. Бирок, кудай буюрса күзүндө барабыз күнөөбүздү жазып, элдин кечиримине татыктуу болууга катуу аракет кылабыз!

- Жөнөкөй адамды атактуу ырчы кылууга мүмкүнбү? “До+Фа” кино тасмасындагыдай, мисалы менден “жылдыз” чыгара аласызбы?

– Элдин бардыгы тең ошондой ойлойт… Бирок баары бир үн керек, артисттик талант керек, эң негизгиси эмгек керек! Үнү күчтүү, таланттуу ырчылар бар эле, бирок жарым жолдон иштебей, “жылдыз оорусу” менен ооруп, таштап коюшту.

Оштогу “Семетей” кинотеатрынын директору, продюссер Дамир Нарматов –  “Астра эже, дайыма жаңы чыгып келе жаткан “жылдызды” алып иштейсиз” – деп калды. Бирок менин оюм бар, үнү жакшы, элге тааныла албай келе жаткан ырчыны алып чыгайын деген. Кээ бирлери тааныш салып, тв, радио же гезитти пайдаланып, үнү жок болсо деле чыга калайын дейт, а мен өз күчүм менен, таланты бар адамды чыгарсам дейм. Анткени бул кесипке өзүм билет сатып жүрүп келгем, ошондуктан жакшы, жогорку даражага өз күчүң менен жетсе болот деп айта алам! Көп ойлонуп, ушул оюмду күздө ишке ашырып баштайм деп токтолуп турам.

- Демек, 10 пайыз талантыңды көргөзүш үчүн 90 пайыз эмгек кылуу керек сөзгө кошулат экенсиз да?

– Албетте! Кыйындардын бардыгы сахнада эмес, сахнанын бардыгы кыйындар эмес, иргелип отуруп чыныгы эмгекчилер калат. Биринин артынан бири чыга берген заман болду, бирок, бары бир эмгегин сиңирип калгандар эстен кетпейт да. Атаандашуу болсо, өсүү болот, бирок бир күндүк болбой, тарыхта калса жакшы да!

- Азыркы шоу бизнес менен саясаттын байланышы барбы?

– Чындап айтканда байланышы бар деп айта албайм, себеби бир дагы концертте бир дагы депутат чакырттырбай, өз ниети менен келгенин көргөн жокмун. Колунан келип, Жогорку Кеңеште отурганда, маданияттын бир маселесин көтөрүп чыгып, аягына чейин күйүп-бышкандар жок. “Жандуу үн менен ырдагыла” деп эле талап коюшат, өздөрү ошого татыктуу техниканы, залды, шартты түзүп берейин деп ойлошпойт. Биздин ырчылар жандуу үн менен ырдай алат, бирок элге угузуш үчүн техникалык колдоо баары бир керек да!

- Жаш курагыңызды жашырып келесиз, турмушка чыга элексизби?

– Окуп жүргөн кезимде, Таласка турмушка аттангам… Өскөн аттуу жигиттен эки уулум бар, улуусу он үчкө, кичүүсү онго чыкты. Бирок ортобузда түшүнбөстүктөр болду, өзүм дагы ата-энемдин бул жашоодон эрте кетишкенине капа болуп, жүрөгүм ооруп, кыйналып жүргөн кез эле. Бөбөктөрүм кичине, өзүм дагы жаш, бирок турмушумду өзүм алып кете алам дедимби, айтор кээде артты карап, “эмнеге ажыраштым эле?” деп суроомо жооп таппай калам. “Кызыл камчы” Өскөндүн кыялын көтөрө албай эле кете бердим окшойт…

1- Уулдарыңыз менен тааныштыра кетсеңиз.

– Уулдарымдын аты Ырыскелди жана Ийгилик. Кичүү балам ырдайт, “Алиппе” майрамынан баштап эле конкурстардан калбай келе жатат. Кыялы мага окшош – тентегирээк. Улуусу тескерисинче токтоо, сабакты да аябай жакшы окуйт. Экөө тең бирдей спортко кызыгышат, футбол ойношот.

- Арадан көп убакыт өтүптүр, дагы бир жолу бактыңызды байкап, турмушка чыгайын деген ниетиңиз барбы?

– Күйөө деген чыгат экен, бир эмес эки уулуң турса дагы. Бирок заман ушундай ыплас болуп калыптыр, жок кишини эле бар кылып, “черныйдын” аялы деп жүрүштү. Мен жашоодо канча урунуп, кыйналсам дагы, ички жан дүйнөмдө баары бир назик бойдон калсам керек. Анткени жаман сөзгө маани бербей, ак эмгек менен жашоомду улантып келем. Албетте, кээде “эмнеге ушундай жалгыз калышым керек..” деген моменттерде, көздү жумуп, турмушка чыгып кетейин деген убактар болду. Бирок, азыр Кудайга шүгүр, баары жакшы, санаам тынч. Уулдарым да чоңойгон сайын, мурда туура эмес ойлонгон турбаймынбы, көрсө эки күйөөм эки жагымда отурган турбайбы деп калам. Чындап эле мурдагыдай жумуш менен күндөп-түндөп жүрө бербей, үйгө шашам. Кечигип барсам эле: “апа, саат канча болду?” – деп кадимкидей суракка алышат.

- Маегиңизге чоң рахмат, ишиңиз ийгиликтүү улана берсин.

– Рахмат, сиздерге дагы албан-албан ийгиликтерди каалайм жана жерибизде, элибизде тынчтык, токчулук, молчулук болсун!

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №76




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru