Айбат » Арактан айрылсам эле…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Турмуш » Арактан айрылсам эле…

БОМЖ ЖыргалбекАракты эч ким жеңе алган эмес, ушул арактын айынан кандай гана ыплас жолдорго барбайбыз, «жакшы болуш аста аста, жаман болуш бир паста» – дегендей арак ичип алып,  кандай гана атактуу кыйын мен- мен деген адамдар үй-бүлөсүнөн ажырап жатат, туугандарынан, досторунан ажыраган канчалаган адамдар бул жашоодо өз жолдорун таппай адашууда. Арак акыры кайсыл жакка алып бараары баарыбызга белгилүү. Жыргалбек байкенин тагдырын эч ким каалабайт.

- Өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?

– Мен Жыргалбек Жекшебаев  1974-жылы Токтогул районуна караштуу Торкен айылында төрөлгөм.  Өзүм жети бир тууганмын, үч эркек төрт кыз. Мен ушул  Торкен  айылындагы орто мектепти аяктагандан соң,  атам Жекшебай апам Гулсайра  борборубуздагы спорт мектебине тапшыртышкан.  Ал жакта болгону үч ай эле окуп, андан кийин окубай калгам.

- Окубай калганыңызга эмне себеп болду?

– Окубай калганымдын себеби балдар менен көп урушуп сабап, салык салып тартибимдин бузулганынан окуп жаткан окуумдан  четтетилип калгам. Ошол боюнча жашоо шартка байланыштуу окуй алган жокмун.

- Окубай калгандан кийин эмне менен алек болдуңуз?

– Окубай калгандан кийин бир курсактын айынан ош базарда араба сүйрөп иштедим. Ал жерде көп жыл иштедим,  эми ал жакта ар кандай болот да, бирде жумуш жок болуп,  жакшы күнүмдүк жашоомо да тапкан акчам  жетпейт. Ошентип жүрүп дордой базарына келдим, ал жакта ар кандай мыйзамсыз жумуштарда иштедим. Ачыгын эле айтайын, уурулук кылып жүрдүм. Ошол ууру кылып жүрүп,  кармалып калдым. Эки жылга соттолуп кетип, темир тордун артында отурганда суук кабар келди, «атаң кайтыш болуп калды» деген. Атамды аябай жакшы көрчү элем, темир тордун артында жатканыма байланыштуу бул дүйнөгө мени жараткан атама барып топурак сала албай калдым. Ичимден аябай ызаа болдум. Темир тордон  эркиндикке чыккандан кийин, айылдагы үйгө  барсам апам Гүлсайра башка адамга турмушка чыгып кетиптир. Бир туугандарым өз арабаларын өздөрү тартып, борборубузга кетип калышыптыр. Эмне кылаарымды билбей,  мен дагы борборго келдим. Бишкекке келгенден кийин ар кандай жумуштарда иштедим.  Бир күнү картошка сатып жүрсөм, өзүмдүн бир тууган байкем келип «жүрү чогу иштейбиз» деп мени алып кетти.  Байкем экөөбүз спирт сатып иштедик, жумушубуз өзүбүз ойлогондой болуп аябай жакшы болду. Спирт сатып жүрүп  борборубуздун ичинен үй алдым, авто унаа алдым. Жумуш күндөгүндөй эле өз нугунда  жакшы болуп жаткан,  анан  бир күнү эле бир чоочун адамдарга алданып, банкрот  болуп калдык. Алган үйүмдү, авто унаамды саттым,  анын үстүнө банкрот болгонума жана атам бул дүйнөдөн кайтканда мен жанында болбой калып, топурак сала албай калганыма  жиним келип, бир четинен жашоонун мындай оор сыноосуна туруштук бере албай арак ичип кеттим . Бир күнү, мас абалымда кетип баратып алдыман чыккан кызды сабап, алты миң сом акчасын алып алдым. Бир жума өтпөй эле мени милиция кармап кетип, сот мени алты миң сом үчүн,  алты жылга соттоп ийди. Төрт жыл, беш ай дегенде  амнистия болуп бошоп кеттим. Темир  тордон чыккандан кийин, иштеген жумушум жок «көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» дегендей эмне кылаарымды билбей кайрадан эле уурулукка бардым.  Авто унааны уурдап качып, кармалып калдым. Кайрадан мени алты жыл убакыт менен көнүп калган темир үйүмө камашты. Темир тордон чыкканыма, эки жылдын жүзү болду. Азыркы учурда  жүрөбүз ушинтип арак ичип эле эч жерде иштебейм. Курсак тойгузуш үчүн элдерден акча сурап ал акчага кичине курсак тойгузуп, калган акчаны  аракка салабыз.

- Бир туугандарыңыз  жардам беришпейби?

– Бир туугандарым  деле  борборубузда  турат. Башында  мага жакшы эле жардам берип турушчу. Алар мага жардам бербей калгандарына мен өзүм күнөөлүмүн.  Анткени  арактын айынан болуп жатпайбы. Азыр барсам кууп чыгышат,  алар деле менден тажап калышты го. Аларды  деле түшүнөм,  өздөрүнүн үй-бүлөсү  бар. Алар өздөрүнүн жашоосу менен да а мен өзүмдүн жашоом менен.

- Сиз мындан ары жашооңузду оңдоюн деген максаттарыңыз барбы?

-Албетте бар, мен деле башка адамдардай эле жакшы жашоо көргүм келет.  Бирок, арактын кучагынан чыгыш кыйын экен. Эптеп ушул жинди суудан кош айтышсам мени жакшы жашоо кучак жайып тозуп алат деген ишенимдемин.

Биз адам баласы бул жашоого жаралгандан кийин, бул жашоодо бактылуулук жашоонубу же ушул Жыргалбек  байкенин жашоосундай жашоону тандаш бул биздин колубузда экени. Ар бир адам өзүнүн тагдырындагы өз жолун өзү тандайт.  Бул Жыргалбек  байкебиздин жакшы жашоодон кур жалак калган жана ушул абалга алып келген ичимдик, уруулук себеп болгон баянын окуган окурмандарыбызга жана анын балдарына жакшы тарбия болуп берет деген ишенимдебиз.

Женишбек Шерипбаев

Айбат гезити №76




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru