Айбат » Кыдыр акенин кыргыз коомундагы орду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Кыдыр акенин кыргыз коомундагы орду

Кыдыр акеБайсары уулу Кыдыр 1843-жылы Ысык-Көл өрөөнүндө Ак- Суу-Түргөн аймагында төрөлгөн. Кыдыр Аке кыргыз, казак менен калмактардын ортосунда элчи катары белгилүү болгон атактуу Олжобай бийдин небереси. Олжобайдын уулу Акымбек Россияга, казактарга элчиликке барган. Токсоба атасы Пржевальск уездинин начальнигинин жардамчысы болуп иштеген. Кыдыр Акенин кылган иши ата-бабалардын жолун улап, элине кызмат кылуунун үлгүсү болот, ошон үчүн тарыхка кайрылып кетели.

ХIХ кылымдын башында кыргыздар үч чоң мамлекеттин: Россия, Кытай, Кокондун таасиринде калган. Ички саясий күчтөр бирдиктүү кыргыз мамлекетин түзүүгө жолтоо болгон. Кыргыз уруу бирикмелеринин жетекчилери көйгөйдү чечүү үчүн биригүүнүн ар кандай жолун издешип, башка мамлекеттер менен элчилик мамиле түзүшкөн. Кыргыздардын элчилери Россия, Кытай, Кокон мамлекеттерине тынымсыз каттап турушкан. Кыргыздар коомдук-саясый өнүгүүсү жогорку деңгээлде болгон Россияны негизги өнөктөш катары тандап алышкан, буга мисал үчүн Атакенин, Шералынын, Боромбайдын, Жантайдын орус бийликтерине кайрылууларын айтсак болот.

1812- жылы Ысык-көлдүк кыргыздар Шапак уулу Шералы башында турган элчилерин Россия мамлекетинин Омск шаарына жиберген

1825- жылы Бугу уруусунун бийлери Алымбек Жапалак уулу Желден уругунан, Алгазы Шералы уулу Белек уругунан жана Акымбек Олжобай уулу Арык уругунан жана алардан башка төрт кадырлуу адам Омск шаарында Батыш Сибир генерал-губернатор тарабынан кабыл алынган жана 1825- жылы 5- январдан 25-майга чейин Омскда болушкан. Элчилер Россия империясынын колдоосун өтүнүшүп тыгыз соода, маданий, саясий мамилелерге өтүүгө аракеттенишкен. Батыш Сибир генерал-губернатору Бугу уруусунун өкүлдөрүнө жазган катында аларга колдоосун билдирип, Россиялык соода кербендерин кайтарып, Ысык-Көл аркылуу Кашкарга өткөзүп турууну суранган. Омскда жүргөн убагында Алымбек Андреев тасмасындагы алтын медаль, атайын кылыч, Алгазы менен Акымбек Александров тасмасындагы алтын медалдар менен сыйланышкан.

1825-жылдын июль айында Бугу уруусунун элчилерин коштогон хорунжий Нюхаловдун элүү адамдан турган отряды Ысык-Көлдүн Талды- Суусуна түшүп, Кудайменде бийдин айылында конок болушкан. Олжобай бийдин айылы Жыргаландын боюнда болгон жана орус отрядын меймандостук менен тозуп алышкан. Олжобай бийдин айылында аксакалдардын жыйналышы болуп Батыш Сибир генерал-губернаторунун каты окулуп, жакшы маанайда кабыл алынган.

Ушул эле мезгилде Кокон ханы Мадалиден Ысык-көлдүк кыргыздарга элчилер келип, алардан Кокондун бийлигине өтүүгө талап кылышкан. Бирок, Олжобай, Жапалак бийлер бул сунушту четке кагып, кыргыз-орус мамилелеринин өнүгүшүнө жол ачышкан. 1855-жылдын 17-январында Ысык-көлдүк кыргыздар Россия мамлекети менен Бугу уруусунун ортосунда 1854-жылдын 13-октябрында кол коюлган Макулдашуунун негизинде өз ыктыяры менен Россиянын карамагына өткөн.

1867-1868 жылдары «Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облустарын башкаруу боюнча жоболордун долбоорунун» негизинде Кыргызстанда административдик реформа жүргүзүлүп, мамлекеттик башкаруунун жаны аскерий-элдик системасы кирген. Аскерий-элдик башкаруу системасынын укуктук негиздерин Россиялык мыйзам жоболору жана кыргыздардын каада укугу түзгөн.

Аскерий-элдик башкаруу системасы боюнча башкаруунун жаны принциптери киргизилген, эми уруулук принцип четке кагылып, жаны аймактык принцип иштей баштаган. Кыргыздардын коомдук өзүн-өзү башкаруусу негизинен каада укугунун ченемдеринин негизинде иштеген. Кыргыздардын каада укугунун негизги принцибин акыйкаттуулук түзгөн, ошол себептен эл ушул укуктук тутумду дайыма кармап келген.

Айылдар жана волосттор түзүлүп, жергиликтүү башкаруу органдарына шайлоо болгон. Активдүү шайлоо укугуна кожолуктун башчылары ээ болгон, кээ бир учурда кожолуктун башында аялдар туруп калса алар дагы шайлоого катышканга укуктуу болгон. Коомдук өзүн-өзү башкаруу органдарын жана кызматкерлерин шайлоо жолу менен тандоо кыргыз элинин талабына жооп берген, эл бийлигин орнотууга көмөк көрсөткөн. Шайлоо системасында жашыруун добуш берүү, шайлоону белгиленген убакытта такай өткөзүп туруу, мүлктүк абалына карабастан кожолуктардын өкүлдөрүнүн шайлоого бирдей укукка ээ болуп катышуусу каралган.

1867-жылы кабыл алынган «Жети-Суу жана Сыр-Дарыя областтарын башкаруу боюнча жоболордун долбоорунун» негизинде Кыргызстанда 100-200 кожолуктан бир айыл түзүлүп, ал бир административдик бирдик болуп, катар номер берилген. Айылдык шайлоодо 10 кожолуктан бир адам шайланып келип, шайлоочулар тобу үч жылдык мөөнөткө айылдык старшинаны жана бийди шайлашкан. Волосттук административдик бирдик 1000-2000 үй-бүлөдөн куралган, жана аларга кыштоонун же болбосо ошол волосттогу эн ири уруунун аты берилген. Айылдык жыйналышта ар бир 50 кожолуктан бирден өкүл волосттук курултайга шайланып, жана алар волосттук башкаруучуну атаандаштык негизде шайлашкан. Эн көп добуш алган адам волосттук башкаруучу болуп, экинчи орун алган талапкер болуп шайланган. Алар уезддин начальнигинин сунушу боюнча областын аскер- губернаторунун буйругу менен бул кызматтарга бекилген.

Жергиликтүү административдик башкаруунун жогорку тепкичи  жергиликтүү курултай болгон

«Жети-Суу жана Сыр-Дарыя областтарынын башкаруу боюнча жоболордун долбоорунун» 88- беренесинин негизинде волосттук башкаруучу кызматына 25 жаштагы соттолбогон, тергөөгө тартылбаган, административдик жазага кириптер болбогон жергиликтүү улуттун адамы шайлоо жолу менен 3 жылдык мөөнөткө ал кызматка келген. Мамлекет тарабынан жылдык маяна катары 300-500 рубль белгиленип аларга алып жүрүш үчүн өзгөчө белги жана кызматтык мөөр берилген. Өзгөчө белги жана мөөр мамлекеттин эсебинен жасалып Түркестан генерал-губернатору аркылуу бекитилген.

Волосттук башкаруучудан ушул эки, россиялык мыйзам жобосун жана кыргыздардын каада укуктук системасынын жоболорун, принциптерин өздөштүрүп, аларды күнүмдүк турмушта колдонуу талап кылынган. Кыдыр Акеде мына ушундай жакшы сапаттар болгон.

Волосттор негизинен бир түрдүү чарбалык кызмат кылган адамдардан турган. Алар мал чарбасы менен алектенген көчмөндөр же болбосо дыйканчылык менен иштеген, отурукташкан адамдар болгон. 1868- жылы Пржевальск уездинде 6 волост болгон, алар негизинен көчмөндөрдөн турган.

Кыдыр Аке 1867-жылы Россия империясы тарабынан киргизилген мамлекеттик башкаруунун аскерий-элдик системасына түздөн- түз катышкан. Кыргыз элинин коомдук өзүн-өзү башкаруунун системасынын жогорку баскычы болгон волосттук административдик бирдиктин башында турган. 1871-жылы Түргөн волостунда шайлоого катышып, жеңип чыгып жалпысынан 20 жыл, 1889- жылга чейин волосттук башкаруучунун милдетин аткарган.

1871-жылы түзүлгөн Түргөн волосту 14 айылдан турган, 1854 чарбасы болгон, эркектер 5933, аялдар 5307, 5 сыйынуучу үй болуп, 5 мектептен 43 бала окуп билим алган.

Кыдыр Аке волосттук башкаруучу катары төмөнкүлөргө укуктуу болгон: волосттук жыйынды чакырууга жана таратып жиберүүгө, жыйындын иш мезгилинде коомдук тартипти сактоого, жыйындын чечимдеринин так жана бирдей аткарылышына, айылдык старшиналардын кызмат милдетин тура аткарылышына көз салган. Салык жыйноону көзөмөлдөө, коомдук казнанын каржылык чыгымдарына көзөмөл болуу, жолдордун абалына көз салуу, россиялык бийликтин чечимдеринин аткарылышын жана волосттун аймагындагы коомдук тартипти сактоону көзөмөлдөгөн. Кыдыр Аке волосттук башкаруучу катары административдик, соттук, фискалдык милдеттерди аткарган.

Айылдык коомдун негизинде түзүлгөн айылдык, волосттук башкаруу органдары жана кызматкерлери негизги чечимдерди мыйзамга ылайыктуу өз алдынча кабыл алышкан, ошентип мезгилдин талабына жооп берген коомдук өзүн-өзү башкаруу системасы түзүлүп элге кызмат кылган. 1889- жылдан баштап Кыдыр Аке Пржевальский уездинин башкармасынын мүчөсү, уезддик начальниктин жардамчысы жана кеңешчиси болуп иштеген. Ошону менен Кыдыр Аке мамлекеттик башкаруу системасына дагы түздөн-түз катышкан. Ал мезгилде аскерий-элдик башкаруу тутуму боюнча жергиликтүү элдин өкүлдөрүн россиялык мамлекеттик бийлик тутумуна өтө сейрек өткөрүшкөн. Жалпы Кыргызстан боюнча мамлекеттик бийлик тутумунда иштеген кыргыздар саналуу гана адамдар болгон, алардын бири Кыдыр Аке эле.

Кыдыр Аке эл аралык мамилелерди жөнгө салууга да салымын кошкон. 1873- жылдын 8- июнунда Текестин Сүмбө жайлоосунда Жети-Суу облусунун Ысык-Көл, Верный уезддеринин жана Кытайдын Кулжа райондорунда жашаган кыргыз, казак, улят, тургаут, калмактардын ортосундагы жер бөлүштүрүү маселеси боюнча курултайга активдүү катышып, чек ара маселесин чечишкен жана кабыл алынган документтерге өзүнүн колун койгон.

Кыдыр Аке кыргыз, орус, казак, кытай жана Ысык-Көл аймагында жашаган башка элдердин ортосундагы байланышты чыңдоого жигердүү катышкан. Элдердин ортосундагы байланышта көрсөткөн элчилик ишмердиги, коомго жана мамлекетке кылган ак эмгеги үчүн Россия мамлекетинин сыйлыктарына ээ болгон. 1871 –жылы Россия мамлекетинин Станиславский тасмасындагы Кичине күмүш медалы, 1875–жылы Россия мамлекетинин Станиславский тасмасындагы Чоң күмүш медалы, 1893–жылы Россия мамлекетинин Станиславский тасмасындагы Чоң алтын медалы менен сыйланган. Түркестан генерал-губернатору өз укугунан пайдаланып Кыдыр Акени эки жолу, 1879-жылы экинчи катардагы ардактуу чепкен, 1880-жылы биринчи катардагы ардактуу чепкен менен сыйлаган.

Кыдыр Аке кыргыз элинин каада-салтын, нарк-насилин жакшы билип, акыйкаттуулук принцибин кармангандыктан, мыйзам чыгарууга активдүү катышкан. 1910-жылы Балыкчы аймагында Жети-Суу облусунун Алма-Ата, Дуулат, Пишпек жана Пржевальск уезддеринин курултайы чакырылып жана Жети-Суу облусунун аскер – губернаторунун чечими боюнча жыйынды башкарган Кыдыр Байсариев болгон. Курултайда мүлктүк маселелер, соттук иштер, кыргыз каада укугунун негизги булагы болгон- эреже кабыл алынган. Курултайды жогорку деңгээлде өткөзгөндүгү үчүн орус, казак өкүлдөрү Кыдыр Акеге ыраазы болушкан. 1910-жылга карата Пржевальский уездинде 250 айыл, 26 волость, 28050 чарба болгон.

1913- жылы Кыдыр Аке Россия падышасы Романовдор династиясынын 300 жылдык салтанаттуу мааракесине Пржевальск уездинен кадырман өкүл катары чакырылган. Падыша Романов Кыдыр Акени Анна тасмасындагы Чоң алтын медаль менен сыйлап, ага подполковник чинин ыйгарган. Ал Россия империясынын алыскы губернияларынын биринин ишенимдүү адамы катары Мамлекеттик думанын IV- чакырылышынын делегаты болуп бекиген. 1916- жылы улуттук-боштондук кыймылында Кыдыр Аке көп адамдарга жардам берген. Кыдыр аке Россия Империясындагы өзүнүн баркынын бийиктигине байланыштуу өзү жашаган Кереге-Таш, Сары-Камыш, Кайырма-Арык жана башка коңшу айылдардагы кыргыздарды орус аскерлеринин куугунтугунан аман сактап калган.

Өзүнүн ишмердүүлүгү, калыстыгы, акылмандыгы менен мамлекеттик жана коомдук өзүн-өзү башкаруу кызматына шайланып эл алдында ак кызмат аткарып келген. Байсары уулу Кыдыр Аке Россиялык мыйзам жоболорунун жана кыргыздардын каада укугунун негиздеринде мамлекеттик кызматкер жана ардактуу атуул деген наам алган. Кара кылды как жарган калыстыгы менен элдин ичинде чоң кадыр-баркка ээ инсан болгон. Калыстыгын, акылмандыгын, даанышмандыгын эл баалап “Аке” наамын беришкен.

Кыдыр Аке Бугу уруусунун “Арык” уругунан чыккан көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, таанымал элчи, ойчул, гуманист болгон. Анын айткан сөздөрү эл арасында макал болуп кеткен, комуз күүлөрүн чыгарып, руханий мурас калтырган. Улуу инсандын турмуш жолун изилдеген эмгектер китеп, макала катары көп чыгып, эл өзүнүн сүйүктүү адамын унуткусу келбегенин далилдеп койду. Ушул эмгектерди окуп, архивдик маалыматтарды изилдөөдөн кийин Кыдыр Акенин касиети төмөнкүлөрдөн турары белгилүү болду:

1. Кара кылды как жарган калыстыгы.

2. Турмушту көрө билген, адам тааныган даанышмандыгы.

3.Акыл калчаган, терен маанилүү сөздөрү осуят болгон ойчулдугу.

4. Каада-салтты, наркты билген, жаны көрүнүштү окуган билимдүүлүгү.

5. Адамды баалаган, улуу-кичүүгө бирдей урмат көрсөткөн гумандуулугу.

6. Өмүр бою эл үчүн чарчабай кызмат кылган ишмердүүлүгү.

7. Адилеттик, чындык үчүн тайманбай күрөшкөн кайраттуулугу.

8. Сезимди ойготкон күүлөрдү жараткан өнөрпоздугу, руханий бийиктиги.

Кыдыр Аке өзү жашаган коомдун саясый-укуктук тутумунун чордонунда болуп, турмуштун сыноолорунан ийгиликтүү өтүп, артына эли унутпаган эстелик калтырды. Кыдыр Акенин басып өткөн жолу, турмуштук тажрыйбасы, элине кылган кызматы кийинки муундарга үлгү болот. Кыдыр Аке мамлекеттик бийликти элдин кызыкчылыгына жооп бере тургандай деңгээлде ишке ашырган көрүнүктүү инсан.

Кыдыр Акенин элине кылган кызматы, бийликти коомдун талабына жооп бергендей кылып иштетүүсү азыркы мезгилде улуттук элитаны, айрыкча саясый элитаны тарбиялоодо чоң сабак болот. Ошондуктан атабыздын өмүр жолун изилдеп чыгып, тажрыйбасын күнүмдүк турмушта пайдалануу мезгилдин талабы. Бирок Кыдыр Аке жөнүндөгү маалыматтар Россия Федерациясынын жана Казахстандын мамлекеттик архивдеринде сакталып турат, ошондуктан аларды изилдеп чыгууну мамлекеттик деңгээлде уюштуруу керек.

Бекбосун Борубашов, тарых илимдеринин кандидаты, профессор

Айбат гезити №76



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru