Айбат » Анжелика: “Бишкекте ачык асман алдында концерт берүүнү туура көрдүм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Анжелика: “Бишкекте ачык асман алдында концерт берүүнү туура көрдүм”

Былтыркы жылы, “Айбат” гезитинен “Жылдын мыкты дизайнери” наамын алган Анжелика, майдын жетисинде концерт бергени туруптур. Кандай даярдыктар жүрүп жатат жана кандай өзгөчөлүктөр болоору тууралу маек курдук.

Анжелика

- Саламатсызбы, иштериңиз кандай? Эмне жаңылыктарыңыз бар?

– Саламатчылык, жакшы, рахмат. Жакында, 7-майда концерт коёлу деп жатам. Ушул күндөрү концертти уюштуруу иштери  менен колум бошобой жаткан кез.

- Эмне себептен 7-май?

– Негизи жеке концертимди, былтыр, күзүндө берейин деп пландаштыргам, бирок программам толук болбой калгандыктан концерт жылдырылган. Быйыл дагы күзүндө берем деп жаткам, болбой эле май айына токтолуп калдым. 1-2 -майда койсомбу дегем , жетишпей бара жаткандыктан жылдырылды. 5-май, 9-май ансыз деле майрам, анан 7-май радио күнү, ошого токтолдук. Жети деген сан өзүмө да жагат.

- Даярдыктарыңыз кандай жүрүп жатат?

– Абдан жакшы. Он жети жылдан бери шоу-бизнеске аралашып жүрөм, бирок юбилейлик деп айтуудан алысмын. Кантсе дагы бул менин экинчи жеке концертим, ошондуктан даярдыктар максималдуу жогорку сапатта болуп жатат. Келген эл чыныгы шоу көрүп кетет деп кепилдик бере алам!

- Сиз дизайнерлик менен алектенип, сулуулук салонун иштетесиз, чыгармачылыкта дагы ийгиликтерди жаратып келе жатасыз. Ушулардын бардыгына бирдей жетишүүнүн сыры эмнеде?

– Бардык нерсенин чеги бар, шарты бар. Ошол норманы толтуруп, аракеттенип иштесең эле ийгиликке жетишесиң. Анан менин жашоомдогу принциптердин бири – ар бир саатты, минутаны туура пайдалануу. Чыгармачылыкта эле эмес, бардык жактарда өзүмдү сынап көргүм келет. Өзүмдүн кесибим информатик-экономист болуп, бирден бир чоң жардам болуп атат. Себеби ар бир нерсенин эсебин билем, алдын ала ойлонуштуруп натыйжалуу иш кылганга аракет кылам. Азыркы заманда ырдап эле, чыгармачылыкта жүрө бербестен, иштеш дагы керектиги баарына белгилүү. Ошондуктан бардыгына жетишкенге аракет кылам.

- Концертиңиз амфитеатрда болгону жатат, бул эл үчүн жаңылыкпы?

– Ооба, элдин баары канча жылдан бери спорт ордосунда, филармонияда концерт берип келе жатышат. Канчалык декорацияны жасаба, дубалдары мурдакы болгондуктан концерт дагы жаңыдай сезилбейт. Ошондуктан жаңылык кылып Бишкектин төрүндө, ачык асман алдында, жаңы атмосферада концерт берүүнү туура көрдүм. Элдин көбү, сахналаш коллегаларым дагы көрө элек жай экен.  Бир четинен социалдык тармактарда Кыргызстандын деңгээлин көргөзөлү дедим. Анткени бул жакта техникалык жагы дагы жакшы, дүйнөлүк деңгээлде жандуу үн менен концерт коюууга шарт бар. Элди ойлоп, билеттин баасын максималдуу арзан кылдык, амфитеатрдын ижарасына кеткен каражатын араң жабат. Мындайча айтканда элге кылган белегим – бекер иштеп, бекер ырдап, майрамдайбыз!

- Концертиңизде кимдер конок болуп келип, ырдайт?

– Уюштуруучулук жагын өзүм колго алдым. Анан деги эле жардамдашкандар – жакындарым, ишеничтүү адамдар. Гульнур Сатылганова, Динара Акулова, Мирбек, Омар, Арсен келип өзүлөрүнүн жеке хит ырларын ырдашат. Казакстандан атайын Айкын келет. Афишада жүргөн менин сахналаш, курбу, дос кыздарым менен бир номерлерди аткарабыз жана башка дагы көптөгөн “сюрприздер” болот. Жеке өзүмдүн жыйырма ырым программада бар, улуттук колориттеги көйнөктөр менен чыгам жана музыкалык аспаптарда ойноп, болгон өнөрүмдү көргөзөм.

- Жолдошуңуз болушунча колдоп, кошо жардам берип жүрсө керек?

– Ооба, жолдошум менин эң чоң жардамчым. Дем, күч берип, моралдык жактан дагы колдоп, түртүп турат. Күндүз кечке жумуш менен жүрүп чарчап, кечинде үйгө барганда кыздарым тозуп алат. Ошол көз ирмемде мен кадимкидей эс ала түшөм.

- Маегиңизге чоң рахмат, концертиңиз ойдогудай өтүшүнө тилектешмин!

– Сиздерге дагы чоң рахмат, гезитиңер өнүгө берсин!

Маектешкен
Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №76




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru