Айбат » Нарын соту Батукаев боюнча өз чечимин кайра жокко чыгарды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Нарын соту Батукаев боюнча өз чечимин кайра жокко чыгарды

Батукаев АзизКылмыш дүйнөсүнүн төбөлү аталган Азиз Батукаевди айыккыс оорусуна байланыштуу, абактан эртелей бошотуу боюнча, Нарын шаардык сотунун чечими жокко чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, буга чейин Башкы прокуратура Батукаевдин ишиндеги жаңы ачылган жагдайлар боюнча мурдагы сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Прокуратуранын жүйөсүндө, Батукаевге жалган диагноз коюлуп, аны абактан чыгаруу атайылап уюштурулган. Нарын шаардык соту Башкы прокуратуранын өтүнүчүн карап, Батукаевди ден соолугуна байланыштуу абактан эртелей бошотуу боюнча 2013-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган өз чечимин кайра жокко чыгарды. Батукаев түрмөдөн эртелей бошонуп кеткенден кийин, ага коюлган диагноз туура эмес экенин депутаттык комиссия ачыкка чыгарган. Өткөн айда Баш прокурор Аида Салянова Батукаев боюнча иш кайра карала баштаганын билдирген болчу.

Айбат гезити №77



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru