Айбат » Бөрү баласы ит болбойт…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бөрү баласы ит болбойт…

1

Акыркы   кезде  болуп откон Кыргызстандын булуң-бурчтарында ,ар кандай митингдер, баш аламандык, текши жерден уюшулган тополоң биздин мамлекеттин дүйнөлүк аренадагы өз ордуна бир топ шек келтирди. Ансыз деле Кыргызстандын дүйнөлүк картада өз аты өчүп  «Митингстан» болооруна бир аз калды окшойт. Мындай мамлекеттик масштабдагы  саясий стратегияны ишке ашырууга өз салымын кошуп жаткан атактуу Азимбек Бекназаров. Жок деп айтканга ооз барбайт. Ысык-Көлдөгү баш аламандык, Жалал-Абаддагы тополоң, мунун баары Бекназаровдун ким экендигин билдирип койду.  АКСЫ ОКУЯСЫ көкүрөктө дарт болуп, Азикеңди саясат айдыңына кошкону менен ал жерде курман болгондордун арбагы ушул күнгө чейин Бекназаровду ээрчип жүрөт болуш керек. Аксы акыры барып, элди атууга буйрук берген кокон ханын эмес Акаевдин башын жуткан. Анын баарын билип туруп акырына  чыгарбаган Бекназаровдун бети калыңдыгынан канчалаган адамдар запкы жеди. « Кан куткарбайт дешет». Эгерим ал чын болсо ошол окуянын күнөкөрлөрү өз жазаларын алаар. Революциялардан   бизнес жасаган А.Бекназаров жакын арадан бери кытайдын кызыл этин ташып бизнес  курган, Жаныш Бакиевдин кумганчысы Медер Үсөнов менен тил табышты. Бири саясат бизнесмени, бири  азык-түлүк сатып бизнесин өөрчүткөн бул эки адамды көп  нерселер байланыштырат. Бийлик менен байлыкты бирдей алып кете албаган Бекназаров азыр так ушу Үсөновдей суу куйдуларга  муктаж болуп турган чагы. «Медерим, менин Медерим. Сен аман болгондо Жаныштарга жетээрим» дегендей ал аркылуу кайрадан Азикеңдин капчыгы калыңдайт. Алардын айткандарын аткаруу менен Бекназаров өз максатына жетиши  ыктымал… Мунун баары кыял  да болуп калышы ажеп эмес. Бирок бир гана нерсеге коомчулук толук ынанды. «Бөрү баласы ит болбойт». Бекназаров эч качан Бакиевдердин камчысын чапкандан тажабайт. Бети калың. Медер болсо Жаныш менен Азимбекти байланыштырган көпүрө. Муну Азикең танып көрсүн жигит болсо. Тана албайт. Факт факт бойдон калат. Үсөнов менен болгон тандем Бекназаровдун бүгүнкү жүзү. Беларусиядан Ж.Бакиевдин дубай саламы эми Бекназаровдун колу менен ишке ашмай болду. Буга деле таң калыштын кереги жок. Жаныш Бакиев, А.Келдибеков, С.Жапаров, К.Ташиев баары бир кудуктан суу ичкен адамдар. Эми аларга дагы бир  киши кошулду. Бекназаров. Буларда бир гана принцип « СУУ ИЧКЕН КУДУГУҢА ТҮКҮРБӨ»! Бул  принципти  кимиси кандай колдонот ал башка кеп… (Мекендештер сайттынан) алынды

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru