Айбат » Казактар жалган маалымат тараткандыгы үчүн 10 жылга чейин эркиндиктен ажырашы мүмкүн, а биздечи?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Казактар жалган маалымат тараткандыгы үчүн 10 жылга чейин эркиндиктен ажырашы мүмкүн, а биздечи?

ушак6-майдан баштап, коңшу Казакстандын Кылмыш жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык жалган маалымат тараткандыгы үчүн казакстандыктар 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажырашы мүмкүн. Бул тууралуу казак басылмалары билдирүүдө.

Өзгөртүүлөргө ылайык, алдын ала жалган маалымат таратып, ал маалымат коомдук тартиптин бузулушуна кооптуу болгон, жарандардын же уюмдардын укуктарына зыян келтирсе, чоң өлчөмдөгү айып пул же 1 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ушул эле кылмыш адамдар тобу аркылуу кызматтык абалынан пайдаланып, маалымат каражаттарын колдонуу менен жасалса, мында да айып пул салынып, 2 жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ал эми кылмыш уюшулган топ аркылуу өзгөчө кырдаалдын шартында же согуш абалында, же коомдук иш-чаралар убагында жасалса, 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат деп мыйзамда жазылган.

Белгилүү болгондой, бизде да депутаттар жалган билдирүү таратуу боюнча Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгени көтөрүп чыгышып, ал мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен жактырылган. Эми кийинки кадам президентте.

Биздин мыйзамда болсо жалган билдирүүгө жоопкерчиликти журналист эмес, ошол билдирүүнү тараткан адам тартат. Мындай билдирүү тараткандар 500-1000 сомго жакын айып пул төлөп, же 1 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми ушул эле кылмыш өзгөчө оор кылмыш менен биргеликте жасалса 100-200 миң сом же 1-3 жыл эркинен ажыратуу каралган. Уюшулган адамдар тобу тарабынан жасалса 3-5 жыл каралган.

Бул мыйзам долбоору жарандардын жоопкерчилигин арттыруу максатында иштелип чыкканын, ММКларга зыяны тийбестигин какшап келе жатышса да, ушуну түшүнө албай койдук. Биздин мыйзам казактардыкына караганда кыйла жеңил экени ачык көрүнүп турат, бирок сөз эркиндигин туура колдонгонду билбеген биз ага көз жумуп коюудабыз.

Айбат гезити №77



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru