Айбат » Паспорт бизнесинин «королу» адам өлүмүнө шектүү делип кармалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Паспорт бизнесинин «королу» адам өлүмүнө шектүү делип кармалды

Виктор ЦойБаскан жеринде чуу чыгармайынча шүк жүрө албаган, айтылуу паспорт бизнесинин королу атыккан кадимки «Интел Линкс» компаниясынын түптөөчүсү Дмитрий Цой 6-майдын кечинде кармалганы коомчулукта «дүң» дей түштүк. Ал эми ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев 7-майда өткөргөн маалымат жыйынында бул окуянын чоо-жайын баяндап берди.

Рафик мырзанын айтымында, Д.Цой эки окуяга байланыштуу шектелип жатыптыр. Биринчи окуя 2009-жылдын 12-июлунда Ысык-Көл облусундагы Жаркынбаев айылында болуптур. «Ысык-Көлдө жүргөн Цой эки кишиге Макаров тапанчасын колдонгон. Бирөөсүн бутка атса, экинчисин башына союл менен уруп сабаган экен. Ошол учурда Кылмыш-жаза кодексинин (КЖК) 234-беренесинин («Бейбаштык») негизинде кылмыш иши козголгон. Бирок түшүнүксүз себептер менен иш токтотулган. Убакыттын өтүшү менен жабыркагандардын бири каза болгон. Экинчиси экспертизанын корутундусу боюнча денсоолугуна оор жаракат алганы белгилүү болгон. Ушул фактылар боюнча бүгүнкү күндө Д.Цой Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камалды» дейт Мамбеталиев.

Сөзүн андан ары улаган Рафик мырза Цойдун борбор калаадагы үйүн, ага караштуу имараттарды тинтүүгө алганда курал-жарактар чыгыптыр. «Тинтүүнүн жүрүшүндө 7 огу менен «Иж-27М» үлгүсүндөгү сайсыз мылтык табылды, – дейт Р.Мамбеталиев. – Анын жашаган башка дарегинде ноутбук , эки планшет, флеш-карта, уюлдук телефондун эки кутучасы, сим-картанын тышы, фото аппараттын төрт флеш-картасы, код менен ачылуучу, бирок коду ээсине белгисиз темир сейф табылды. Ал эми иштеген жеринен 9 огу жана колдонууга уруксат кагазы менен ПМ-9 үлгүсүндөгү сыйга берилген тапанча, уруксат кагазы менен Remington мергенчилик мылтыгы табылды». Ошондой эле Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Жол-Богошту капчыгайында жайгашкан «Булат-М» ЖЧКнын конок үйүндө жана Кочкор районундагы Ара-Көл айылындагы «Булат-М» ЖЧКнын кеңсесинде тинтүү улантылып жатканын баса белгиледи.

Бул Дмитрий Цойго байланышкан биринчи окуя деп туруңуз. Ал эми экинчи окуя белгилүү спортчу Руслан Абасовдун өлүмүнө байланыштуу экенин Рафик Мамбеталиев ачыкка чыгарды. Анын маалымдашынча, Д.Цой менен Р.Абасовдун ортосунда жер талашуу орун алып, учурда ал иликтенип жатыптыр.

Д.Цойдун «ишмердүүлүгү» муну менен эле токтоп калбаптыр. Р.Мамбеталиев Д.Цойго 2007-жылы эле КЖКнын 173-беренесинин негизинде кылмыш иши ачылып, ал түптөгөн «Интел Линкс» өлкө казынасына 25 млн. сомдук зыян келтиргени аныкталганын кошумчалады.

Паспорт бизнесинин «королуна» байланыштуу тергөө иштери уланууда. Тергөөнүн жыйынтыгында дагы эл билбеген сырларынын бети ачылар. Ага чейин макалабызды убактылуу жыйынтыктай туралы…

Зарина САТКЕЕВА

Айбат гезити №77



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru