Айбат » Ташиевге айтаарыбыз – «Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ташиевге айтаарыбыз – «Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт»

Ташиев КамчыбекМуштумун көтөрө чуркап, Кыргызстанды уруп-сабап башкаргысы келген Камчыбек Ташиевдин жеке өзүнө тиешелүү басылмасы бар. Анын биринчи бетинен дайыма өзүнүн сүрөтү түшпөйт. Ошол гезит аркылуу Камчыкебиз аябай бийликтен запкы жеген саясатчыдай болуп, адегенде темир тор артына отуруп, андан кийин депутаттык мандатынан ажырагандыгын жаздырган экен. «Башка адам Ташиевдин ордунда болгондо эчак эле колун көтөрүп, багынып бермек. Бирок Камчыкебиз андай жигиттерден эмес…» деп жазат гезит.

Биринчиден, Камчыбек мырзаны бийлик Ак үйдүн тосмосунан секирткен эмес. «Бийликти басып алам» деп кыйкырткан эмес. Анан дагы «Чыңгызхандын шакирти» деген наамды өзү «суранып» атып алып алганын да жашыра албайбыз. Эгерде эл үчүн иштейм деген саясатчы болгондо биринчи кезекте мыйзамды сыйламак. Мыйзамды сыйлаган саясатчы тосмодон секирип, бүтүндөй дүйнөгө шерменде болмок эмес. Бийликке шайлоо аркылуу гана келгенди туура көрмөк. Айгайлаган ызы-чуу менен бийликке келүүчү жоокерчилик заман тээ байыркы кылымдарда калганын жакшы түшүнмөк. Ал эми 2010-жылдагы апрель революциясы бул таптакыр башка нерсе экендигин баамдамак. Анда элибиз Бакиевдин кандуу бийлигине чындап нааразы болуп, эч кандай лидери жок эле өздөрү көтөрүлүп чыкканын жашырмак эмес.

Экинчиден, Камчыбек мырзанын ордунда башка саясатчы болгондо акыл-эси менен иш кылмак. Эгерде эсибизге жара чыкпаса Азимбек Бекназаровдун «Камчыбек Ташиевди мен эрки бекем деп жүрсөм, бат эле сынып калат экен. Эртең менен кирсем, «Мен аягына чейин турам» деп күпүлдөйт, түштөн кийин кирсем, «Досуңа айтпайсыңбы, мени чыгарсын» деп жалдырайт» деп айтканы бар.

Андыктан Ташиев ошол убактылуу темир тордун артында отурганда эле миң жолу сынып, кайра эптеп миң жолу «тирилгенин» билебиз. Мындан улам кыргыз эли айтып келген «Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт» деген макалды гана айтып койгубуз келет.

Айбат гезити №77




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru