Айбат » УОК адамдын өлүмүнөн саясат жасаганды токтотсун!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » УОК адамдын өлүмүнөн саясат жасаганды токтотсун!

Мырзакматов МелисУлуттук оппозициялык кыймыл үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде ок атуудан каза болгон Жеңишбек Садиевди Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун жакын тууганы катары атайын маалыматты жайылтуу менен алек.

Жеңишбек Садиев мурда Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгондугун, эки жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын укук коргоо органдары тастыктап берди. Биринчисинде мыйзамсыз ири көлөмдөгү наркотикалык затты сактап жүргөндүгү үчүн соттолсо, экинчисинде башка бирөөнүн мүлкүн уурдап алгандыгы үчүн соттолгон.

Ырас, акыркы жылдарда беш маал намазга жыгылып калганын да билдиришти. Бирок, мурда кылмыш чөйрөсүндө жүргөн адамга эч убакта тынчтык жашоо болбостугун жакшы билебиз. Андыктан анын өлүмү ошол кылмыш чөйрөсүндө жүргөн маалындагы жасаган кадамдарынын «жемиши» болушу толук мүмкүн.

Мына ушуну УОК эми Мелис Мырзакматовго карата бийликтин коркутуп-үркүтүүсү катары пикирди коомчулукка жайылтууга өттү. Биринчиден, Жеңиш Садиев УОК билдирип аткандай Мырзакматовдун эч кандай жакын тууганы эмес. Жадагалса апасы жактан да эч кандай тууганчылыгы жок экендиги билинди. Жөн гана бир айылдан экендиги тастыкталып турганына карабастан, уюшкан кылмыштуу топтун бир убактагы мүчөсүнүн өлүмүн бийликке шылтагысы келген УОКтун көздөгөнү не болушу мүмкүн?

Андай эле акыйкаттыкты, Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсүн каалаган кыймыл болсо, Жеңиш Садиев чындап эле Мырзакматовдун тууганы экендигине ишенишсе, анда неге тууганы кылмыштуу чөйрөдө жүргөн саясатчыны катарларына кошуп алышты? Же булар бийликке жетүү үчүн кылмыштуу топтордун жардамына муктаж болуп калышты беле?

Айбат гезити №77




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru