Айбат » КРнын Бажы биримдигине кирүү маселесине байланыштуу мекемелер аралык комиссиянын жыйыны болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » КРнын Бажы биримдигине кирүү маселесине байланыштуу мекемелер аралык комиссиянын жыйыны болду

Бажы союзу боюнча жыйын6-майда премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында КРнын Бажы биримдигине кирүү маселесине байланыштуу мекемелер аралык комиссиянын жыйыны болду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Ж.Оторбаев, Орусия Федерациясы менен Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында КРнын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча «жол картасы» талкууланганын маалымдады.

«Бажы биримдигине кирүү процесси коомчулукта кызуу талкууланууда, ал өз кезегинде өкмөттү баардык документтерди кылдат иштеп чыгууга милдеттендирет», – деди ал.

Премьер-министр келээрки жумада аталган маселе парламенттик угууга коюулаары күтүлүп жатканын, жалпы коомчулуктун Бажы биримдигине кирүү процессин дагы талкуулап, сунуш-пикирлерди киргизүүгө мүмкүнчүлүгү болоорун кошумчалады.

Жолугушуу алкагында КРнын Бажы биримдигине кирүү процесси, ошондой эле, «жол картасы» боюнча юридикалык жана техникалык маселелери кеңири талкууланды.

Айбат гезити №77




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru