Айбат » ЖоКе өкмөткө 10-сентябрга чейин убакыт берди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » ЖоКе өкмөткө 10-сентябрга чейин убакыт берди

“Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия февраль айында отчет бергени маалым. Жогорку Кеңеш мамкомиссиянын корутундусун жактырып, аны аткаруу үчүн өкмөткө июнга чейин убакыт берген. Ал эми парламенттеги үч комитеттин (Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитети, Эл аралык иштер боюнча комитет) 4-июнда өткөргөн биргелешкен жыйынында өкмөттүн “Кумтөр” алтын кенинин тегерегинде жасаган иштери талкууланды. Натыйжада өкмөттүн “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында сентябрга чейин убакыт берүү өтүнүчү жактырылды. Мындай демилге ЖоКенин шаршембидеги отурумунда да көпчүлүктөн колдоо тапты.

1-вице-премьер Жоомарт Оторбаевдин маалымдашынча, бул жаатта үч вариант сунушталып жатыптыр. Биринчи вариантка ылайык, “Кумтөргө” жаңы тартиптин негизинде салык салуу каралса, экинчисинде биргелешкан ишкана түзүү сунушу бар. Ал эми үчүнчү вариант кабыл алынса, компания толук Кыргызстандын колуна өтүшү абзел.
Жоомарт мырзанын айтымында, “Центерра” жетекчилигинин биргелешкен ишкана түзүү ниети бар. Эгер бул сунуш көпчүлүктөн колдоо тапса, анда Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшү 50%га жетет. Ошондой эле биргелешкен ишкананы башкаруу укугу “Кыргызалтын” ААКсы жана “Центерра” тарабынан сунушталган директорлор кеңешине жүктөлөт.

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн натыйжа чыкпаса, кыргыз өкмөтү 2009-жылдагы келишимди бузууга барат. Бирок мындай кадамдан өзүбүз гана жабыр тартарыбызды 1-вице-премьер жашырган жок. “Эгерде денонсациялоо шартына барсак, эл аралык нормаларга таянуу керек. Анда “Центерранын” мүмкүнчүлүгү жогору болот. “Центерра” бизди сотко берсе, аны жеңгенге бир дагы шартыбыз жок. Утулуп калсак, экономикабызга жана имиджибизге зыяны тиет. Анткени эл аралык юристтер үчүн өтө чоң суммадагы акча талап кылынаары белгилүү”, – дейт ал.

Эл өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү өкмөттүн ишине канааттанбаганын билдиришти. Оппозиция түгүл, бийликчил КСДПнын өкүлү Исмаил Исаков өкмөт ишти чоюп жатканын, ага убакыт берген күндө деле майнап чыкпастыгын айтып агынан жарылды. Анын сунушу боюнча, “Центерра” менен келишимди бир тараптуу бузуу зарыл.
“Ата журт” фракциясынын өкүлү Акматбек Келдибеков кызык демилге көтөрдү. “Кумтөр” көйгөйү чечилгиче казылып алынган алтындын 50%ын Улуттук банкта сактоо керектигине токтолгон Келдибеков ушундай кадамга барганда гана Кыргызстандын кызыкчылыгы корголорун баса белгиледи. “Казылып алынган алтындын 50%ын күрөө катары Улуттук банкта кармап туралы. Биринчи кварталда эки тоннага жакын алтын казылды, жыл аягына чейин 18 тонна алтын казылат деген маалыматтар берилип жатат. Анын жарымын кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн кармап туралы. “Кумтөрдү” иштебесин деген эч ким жок. Андан түшкөн пайда элдин кызыкчылыгына жумшалсын деген гана тилек” деген “ата журтчу” кебин бышыктады.

Депутаттар кызыл чеке болуп талашып жаткан маалда башбакан Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абаддан кайтып келди. Ал 20 жылдан бери келаткан “Кумтөр” маселесин үч айдын ичинде оңдоп салуу мүмкүн эместигин, сентябрдын орто ченине чейин убакыт берүүсүн өтүндү. “Кумтөр” чуусу 20 жылдан бери келатканын, “жыйырма жылдан бери бузулганды үч айда оңдоп коет десеңиздер, андай болбойт. Сиздерден суранабыз, калыс болуп бериңиздер. Биз бардыгын жасап жатабыз. Варианттарыбыз бар. Биздин оюбузча, сентябрдын орто ченинде бир форматка чыгып калабыз” деген премьердин жүйөсүнө моюн сунган депутаттар сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктоо үчүн 10-сентябрга чейин убакыт берген токтом кабыл алышты. Бул аралыкта сүйлөшүү натыйжа бербесе, келишимди бир тараптуу бузуу боюнча мыйзам долбоору парламентке коюлат.

сатыбалдиев

Ток этерин айтканда

“Кумтөр” чырын иликтеген мамлекеттик комиссия кыянаттуу келишимге кол койгон мурдагы бийлик өкүлдөрүнө кылмыш ишин козгоо сунушун киргизген. Аны парламент колдогон эле. Башпрокурордун 1-орун басары Темирбек Бекмамат уулунун билдиришинче, 1992-1993-2003-2009-жылдары түзүлгөн келишимдерде кол койгон аткаминерлерге кылмыш иши ачылган. Сөзүн андан ары улаган Темирбек мырза 40тан ашуун адамды суракка алышканын баса белгиледи. “Тилекке каршы, – дейт ал, – башкы фигураларды суракка алуу мүмкүн эмес, себеби, алар сыртта жүрүшөт. Ал эми суракка чакырылгандардын арасында өкмөттүн экс-мүчөлөрү, “Кыргызалтындын” жетекчилери бар. “Кумтөр” боюнча түзүлгөн келишимдердин көпчүлүгүнүн түп нускасын таппай жатабыз”.

“Темир Сариев келишимди денонсация кылабыз деп атат. Премьер-министр эл менен жолугушууда денонсация тууралуу кеп кыла элекпиз деди. Ал эми Жоомарт Оторбаев бир тараптуу денонсацияга барбайбыз деп билдирүүдө. Өкмөттө үч позиция болуп атат. Муну кандай түшүнсөк болот?” деген парламенттеги азчылыктын лидери Мыктыбек Абдылдаевдин суроосу жоопсуз калды.

Булак: “Жаңы Агым”

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru