Айбат » Саясатка белчесинен батып, бир тараптуу гана иш жүргүзгөн омбудсмен кимге керек?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Саясатка белчесинен батып, бир тараптуу гана иш жүргүзгөн омбудсмен кимге керек?

Аманбаев БакытБактыбек Аманбаевди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы катары шайлоо менен өтө терең жаңылышканыбызды кечирээк байкадык. Мурда-кийин бул багытта тажрыйбасы жок Аманбаев «чү» эле дегенде саясатка белчесине чейин малынып, кызматтык абалын жеке кызыкчылыгы үчүн багыттап алды. Эске сала кетсек, өткөн жылы Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары уюштурган ызы-чуулу митингдер тууралуу Бактыбек мырза коомчулукка бир тараптуу пикирин алып чыккан болчу. Анын өзүнүн айтуусу боюнча Саруу айылына барып, эки күн конуп, окуянын чоо-жайы менен таанышып кайткан. «Саруу айылынын эли бир айдан бери жарым-жартылай аскердик абалда жашап атышыптыр. Качан милиция кызматкерлери басып кирип, балдарыбызды кармап кетет деп коркуп жашап атышкан экен» деп билдирип чыккан Омбудсмен. Анан дагы Ысык-Көл облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым өкүлү Эмилбек Каптагаевди Саруу айылынын элине туура эмес мамиле жасап жатат деп айыптаган. Биринчиден, Акыйкатчы бул жерде окуяга бир жактуу гана баа бергени билинип турат. Атайын Саруу айылына баргандан кийин митинг маалында өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаевди кимдер барымтага алгандыгын, эмне себептен алгандыгын, кимдер башаламандыкты уюштурганын, кимдердин заказы болгондугун да иликтөөгө алса туура болмок. Ошол эле убакта Саруу айылынын элине жакшы көрүнүү максатын гана көздөбөстөн, аларга жасап жаткан аракеттери мыйзамсыз экендигин айтып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн сабырдуулукка жана мыйзамдуулукка чакырса туура болмок. Жок! Тилекке каршы Бактыбек Аманбаевдин колунан андай акыйкат сөздү айтуу келген жок. Муну менен ал акыйкаттыктан тайып, өзүнүн ишмердүүлүгүн саясый багытка буруп, бир гана оппозициялык маанайдагы саясатчылардын пикирлерине таянып туруп алды. Ал Эмилбек Каптагаевди Салуу айылынын тургундары менен жолугушуудан качып жатат деп билдирген. Ага жооп кылып Каптагаев эч кандай жолугушуудан качпагандыгын, болгону аны барымтага алып, өрттөөгө аракет кылгандар мыйзамдын алкагында жоопкерчиликке тартылышы керек экендигин билдирген. Анткени ошол убакта аны барымтага алгандардын айрымдары, башаламандык уюштургандар да мыйзам алдында жооп берүүдөн качып, Саруу айылына өзүм билемдик менен коменданттык саат орнотуп алышкан. Эгерде Бактыбек мырза чыныгы акыйкатты издесе, эмне себептен мыйзамсыз кадамдарга баргандардын мыйзам алдында жооп берүүсү керек экендигин айткан жок? Андыктан Эмилбек Саламатович айткандай Акыйкатчынын анын дарегине айткан айыптоолору эч кандай негизсиз эле. Бул Бактыбек мырзанын өзүнүн кызматтык милдетин так билбестигинин бир жагы. Ырасында өзүнүн милдеттери кандай экендигин билип турса дагы, ишмердүүлүгүн саясый багытка буруп алганы кандайдыр бир жеке кызыкчылыктын болуп жатканынан кабар берет. Экинчи жагынан ал өзүнүн 2013-жылга карата берген отчётунда жалаң гана оппозициячыл саясатчылардын укуктары тууралуу саймедиреп берген. Мындан улам Кыргызстанд оппозициячыл саясатчылардан башка адамдардын укугу бузулуп жаткан жокпу деген суроо туулат? Ошол эле убакта ал Башкы прокуратурага бир топ дооматтарды коюп кеткен. Маселен ал «Башкы прокуратура менин жөнөткөн кайрылууларыма такыр көңүл буруп койгон жок» деп айткан эле. Ага карата Башкы прокурор Аида Салянова мындай жообун берген: «Бизге келген бардык кайрылууларды карап чыгабыз. Бирок объективдүү себептерден улам алардын бардыгын тең эле аткара албайбыз. Маселен, жашы жете элек кыздарды зордуктагандыгы үчүн Россиянын соту жоопкерчиликке тарткан кылмышкерди Кыргызстанга алып келүү, 2 кг героин менен колго түшүп Казакстанда жаза мөөнөтүн өтөп аткан кылмышкерди Кыргызстанга алып келүүнү суранган кайрылуулар болот. Бизде ансыз деле өтө оор кылмыш менен соттолгондор толтура. Андыктан мындай кылмышкерлерди башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга алып келбегенге аракет кылабыз». Ырасында эле кандай гана кайрылуу болбосун, анын орундуу, же орунсуз экендигин караш керек болот эмеспи? Ал эми Бактыбек Аманбаевдин Башкы прокуратуранын дарегине толтура дооматтарды коюп атканын бир гана себеби бар экендигин Аида Салянова төмөндөгүчө түшүндүрүп берген: «Мындай позициянын бир гана себеби болот. Бул Аманбаевдин жеке кызыкчылыгы. 2013-жылы Ош шаарынын кургак учук ооруканасынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгон. Суракка алынгандардын катарында «Республика» фракциясынын атынан депутат, Омбудсмендин бир тууганы  Урмат Аманбаева да бар. Менин оюмча Бактыбек Аманбаев кампанияны өтө эрте баштап алды. Буга азырынча эч кандай негиз жок эле». Ырасында эле иштеп аткан Башкы прокуратурага өзгөчө асылып калганынын жүйөөлүү себеби ушул болуп турат. Ошол эле убакта экс-Акыйкатчы Турсунбек Акун дагы Бактыбек Аманбаевдин саясатка кызуу киришип кеткенин сынга алган. Акыйкатчылык кызмат бул саясый кызмат эмес. Ал саясатчылардын гана эмес, катардагы жарандардын да укугу коргошу керек. Ошол эле убакта окуяга бир тараптуу гана пикирлерди чогултпастан,  ар тараптуу иликтөөлөрдү жүргүзүп, анан гана өзүнүн тыянагын чыгарышы керек. Тилекке каршы Бактыбек мырза бул жагынан терең аксап атат. Мына ушундай өзүнүн милдеттерине кайдыгер мамиле жасаган Акыйкатчы кече жакында кыргыз тилдүү басылмалардын бирине «Президент мени кабыл албай жатат» деп каңырыгы түтөгөн маегин берген экен. Эгерде ал өзүнүн милдеттерин так билбесе, өлкөбүздүн стабилдүүлүгү үчүн окуяларды акыйкат иликтебесе, аны президент эмес, айыл башчысы деле жакшы кабыл алышы күмөн. Андыктан Бактыбек мырза, бирөөгө доомат коюп, арыз-арманын айтаардан мурда өзүнүн кызматтык милдеттерин так билип алса жакшы болмок.

Айбат гезити №77



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru