Айбат » Кочкордогу эстеликтин ачылышы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кочкордогу эстеликтин ачылышы

Эстелик Кочкор

Эстелик Кочкор

Эстелик Кочкор

Эстелик Кочкор

Кече күнү Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын айыл өкмөтүнүн имаратынын алдында, улуу ата-мекендик согушта курман болгон жоокерлердин элесине арналып тургузулган эстеликтин ачылышы болуп өттү. Эстелик  тургузуу демилгесин «Чолпон коому» коомдук уюму колго алып, жалпысынан 726,598 сом каражат эстелик тургузууга сарпталган. Аталган сумманын 30 пайызын жергиликтүү тургундар демилгеге кошумча катары жардам кылышкан. Бул салтанаттуу ачылышка Президенттин аппаратынын орун басары Дүйшөн Ирсалиев сөз алып ардагерлерибизге жылуу сөзүн айтып, аларга ден-соолук тилеп,  “кыйың кезеңде ата-мекенибизди сактап, ушул муунга өткөрүп берүүсү чоң жеңиш” деп кыскача токтолду. Социалдык фонддун төрагасы Муканбеткалый Абылгазиев жана Нарын облусунун ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана орун басары Алмаз Касен, Профсоюздар уюмунун төрагасы Асылбек Токтогулов, генерал майор экс министр Таалайбек Өмүралиевдер катышышты. Эстеликтин бетине согушка катышып душмандын огунан курман болуп кайтпай калган 432 жоокердин аты жөнү чегилип түшүрүлгөн жана астына жоокердин эстелиги коюлган. Район боюнча болгону он гана ардагерибиз калып, аларга таазим алдында ыраазычылык сөздөр билдирилип, ар бир ардагерлерге белек бечкектер таркатылып, сый тамак арналып жана концерттик иш чаралар улантылып кызыктуу болду. Эч ким, Эч нерсе, Эч качан унутулбайт!

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №77



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru