Айбат » Эр жүрөк “водолаз” менен маек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Эр жүрөк “водолаз” менен маек

Каптагаев АйдарАптаптуу жай мезгили келе жатат, элдин баары салкындуу жер издеп эс алганы ар тарапка сапар тартат эмеспизби. Бирибиз касиеттүү Ысык-Көлүбүзгө жөнөйбүз, ошол жайдын ысып аткан убагында суу издеп түшөбүз деп сууга түшкөндү билгенибиз, билбегенибиз деле “Эл дүрбөсө эшек кошо жөнөйт” болуп суунун терең, тайыз эместигине карабай чалпактай беребиз. Биздин кыскача баяныбыз ушул адам өмүрүн сактоочу суучул, орусча айтмакчы “водолаз” менен азыноолак кеп курдук.

- Саламатсызбы! Өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз биринчиден?

– Саламатчылык кандайсыздар? Менин атым Айдар Каптагаев өзгөчө кырдаал кызматында иштейбиз, суу кызматында эмгектенем, суу мектеп окуу жайында билим алганбыз. Өзүм ушул эле Ысык-көл өрөөнүнөн болом 1986-жылкымын.

- Бул кызматка кандай болуп келип калдыңыз, же бала кезден кызыкчу белеңиз?

– Эми кандай айтсак бул  тармакка окууну бүткөндөн кийин жумуш жок болду. Анан ушундай бир күнү эле суу бөлүгүнө кызмат кылуу болот, жумушка алабыз деп  калышты мен келип мектептин жетекчиси  Алмазбек Абышевич  менен сүйлөштүм ачык, Алмаз байке кел иштейли сөзсүз деп  андан ары ушул кызматта  иш кылып келебиз. Негизи мен өзүм сууда чабак урганды жакшы көрөм.

- Ушул мектептин ачылганына канча болду жана  канча  бала билим алат?

– Бул мектептин ачылганына 4 жыл болду, суучул балдардан өзүбүздүн катарда ондой бала бар, булар жумушунда так иштеген тажрыйбасы мол балдар, калгандарын үйрөткөнбүз, 100дөй баланы окутуп тажрыйба топтодук. Ошолордун ичинен арабызда 50дөй балдар бизде кызмат кылышат. Ал эми калгандары башка өлкөдөн Казакстандан, Молдовадан Тажикистандан дагы бар.

Каптагаев Айдар- Ушул өзүң иштеп атканыңа 4 жыл болуптур ошол убакыттын ичинде кызыктуу баштан өткөн окуялар жолукту беле ошондон айта кетсең бир аз?

– Эми эсимде калгандардан көп болот  андай окуялар, бир жолу Балыкчыга келдик өзгөчө окуя болуп 2 саата жетип келдик ошондо, биринчи сууга кирип аткан убагым эле. ошондо куюлуп жаткан мазутту табыш керек болуп калып, бир канча тереңдикте сууга кирип, калган убактар көп, эсимде жок суунун тереңдигин бирок таап чыккам. Биринчи жолу мамлекет  тарабынан медаль алгам. Ошол эсте калганым ушул экен. Негизи эң биринчи сууга түшкөнүң эсиңде калат. Мен үчүн биринчи оор түйшүк ошондо болду десем болот, анан көнүп көптөн түшкөн сайын такшалып каласың.

- Эми айтсаңыз ушундай кооптуу учурларда, өзүңдү жоготуп коюу же болбосо аябай корккон убактар болду беле?

– Албетте, коркуу сезими көп болот, эми адам өзү көрүп, билбей жүрүп эле, адам сөөгүн суудан алып чыгып атсак, бир канча метр тереңдиктеги суу түбүнө киресиң, андай кооптонуу учурлар көп болот.

- Канча метр тереңдикке чейин суу астында жүрө аласың?

– Чынында мен эң көп суу астына кирүү ыкмасы менен машыгуу кылам, 20, 25 метр тереңдикке чейин чумкуй алабыз. Муну кылыш чындыгында оор, сен суу астына канчалык төмөн кирген сайын, ошончолук демин кысылып, кислородуң да азая баштайт. Эми мындай айтканда азыр биз жерде туруп бир атмосфера менен турсак, сууга кирген учурда үстүңөн дагы бир аба кошулат. Ошентип канчалык тереңдеп чумкуган сайын сени үстүңөн аба уламдан-улам кошулуп  басып, демиңди кыса баштайт.

- Дагы Кыргызстандын кайсы аймактарына барып, кызмат кылдыңыз, деги эле чоң агын сууларга да кире бересиңерби?

– Ооба ар кандай убактар болуп калат, Нарын суусуна түшкөн мезгилдер болгон. Чоң агын сууларга түшүш ооруураак болуп калат, ал эми башка дагы бөлөк аймактарга чоң мындай себептүү учурларда эки жака көп чыгабыз. Булар ар бөлөк себеп менен чөгүп кеткендер бар бири машина менен келе атып чөксө, кээси жөн эле сууга түшүп, эс алуу учурунда чөгүп кеткендер көп.

- Негизинен алганда силердин жумушуңуз өтө опурталдуу, ушул үй-бүлөңүз тууралуу кыскача айтсаңыз сиздин бул жумушуңуздан ата-энеңиз тынчсызданбайбы?

– Туура айтасыңар бир топ эле опурталдуу, эми өзүбүз кесибибизди сүйүп иштебесек, анда элибиздин коопсуздугу кимде болмок эле ошондуктан кызмат деген кызмат экен, жумушуңбу сүйүп кылыш керек. Ал эми жеке турмушум жөнүндө айтсам учурда бойдокмун, буюрса үйлөнөлү деп атабыз.

- Рахмат маегиңизге!

Жыргалбек БЕРДИБЕКОВ

Айбат гезити №77



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru