Айбат » Баткендеги чек ара аймагында чыккан чырдын мыйзамдуу иликтенишине эки тарап тең кызыкдар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кырдаал » Баткендеги чек ара аймагында чыккан чырдын мыйзамдуу иликтенишине эки тарап тең кызыкдар

БаткенКечээ 7-май күнү кечки саат 8дер чамасында Баткен облусунун Көк-Таш айылынын Жака-Өрүк деген жеринде кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып, таш ыргытуулар болуп, натыйжада эки тараптан тең жаракат алгандар болгон. Мына ушул маселе бүгүн Жогорку Кеңеште жабык эшик артында талкууланды. Ага чейин эле бул окуяга өкмөт чукул чараларды көрүп, Тажик тарап менен да сүйлөшүүлөргө жетишкен. Парламентке чакырылган ИИМ министри Абдылда Суранчиевдин айтымында Баткендеги жаңжалда өрттөлгөн 3 контейнер, 2 дүкөн, 2 унааны тажик тарап толугу менен кайра ордуна коюп берүүгө макулдугун беришкен экен. ТИМ министри Абдылда Суранчиев бул чырдын чыгышына эки өлкө ортосундагы чек аранын такталбагандыгы жана айланып өтө турган жолдордун жоктугу себепкер болгондугун билдирди. Ошондой эле ал бүгүн 8-майда Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимовду чакырып, чек арадагы окуяга тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Ошондой эле окуяга байланыштуу ал Тажикстанга нота жолдоду. Нотаны элчи Олим Рахимовдун колуна тапшырды. Тажикс элчиси бул жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны биргелешип иликтөө керек экендигин билдирди. «Мен мындай инциденттерди дагы-да кайталабоо үчүн биргелешкен иликтөө болушу керек деп эсептейм. Биздин эл – бир тууган эл. Бизди көптөгөн кылымдарды карыткан тарых бириктирип турат», – деди ал. Элчинин мындай билдирүүсү менен Тажик тарап дагы эки элдин ортосундагы ынтымактын бекем болушуна кызыкдар экендигин көрсөттү. Окуя болгон жерге барган Коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр  Абдрахман Маматалиев да окуянын чоо-жайы менен таанышып кайра аркага кайтты. Чечилбеген чек ара маселесинен улам чыгып аткан мындай чырлар акыркы учурларда көбүрөөк каттала баштады. Андыктан чек ара маселесин тез арада чечүү учурдун талабы болуп тургансыйт. Тажик тарап дагы бул маселени 12-13-май күндөрү Душанбеде карай тургандыгын Олим Рахимов билдирди. Ушуну менен жаракат жана материалдык чыгым алып келген чыр-чатактар эми кайталанбайт деп ишенип туралы. Бул багытта бийлик өкүлдөрү, тиешелүү органдар тийиштүү аракеттерин жасап атат.

Айбат гезити №77




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru