Айбат » Кытайдын Гуйлинь шаарында «Кыргызстан маданиятынын күндөрү» өтөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кытайдын Гуйлинь шаарында «Кыргызстан маданиятынын күндөрү» өтөт

кыргыздар9-10-11-май күндөрү Кытайдын Гуйлинь шаарындагы Гуйлинь технологиялык университетинде «Кыргызстан маданиятынын күндөрү» аталышындагы иш-чара өтөт, деп билдирди «Патриот.kg» коомдук бирикмесинин өкүлү Уланбек Насиров, бүгүн, 28-апрелде АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында.

Анын айтымында, иш-чаранын негизги максаты – кыргыз жаштарын бириктирип, ынтымагын бекемдөө жана кыргыз маданиятын даңазалоо.

«Кыргызстандын маданият күндөрү иш-чарасынын алкагында концерттик программалар, улуттук оюндар, кыргыз маданиятын даңазалай турган буюмдардын көргөзмөсү уюштурулат», – деди У.Насиров.

У.Насиров билдиргендей, кыргыз маданиятын даңазалоого багытталган эл аралык иш-чарага Корея, Япония, АКШ сыяктуу 30дан ашуун мамлекеттерден келген студенттер катышат. Алардын арасында аталган өлкөлөрдөн билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин келиши күтүлүүдө. Сарптала турган каражат кыргыз студенттеринин демилгесин колдоого алган Гуйлинь технологиялык университети тарабынан каржыланууда.

Жыйындын катышуучулары белгилегендей, буга чейин ак калпак күнү, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган жана ушул сыяктуу иш-чаралар уюштурулуп келген. Уюмдун негизги максаты – кыргыз элинин маданиятын даңазалоо жана көтөрүү. Ушул сыяктуу иш-чараны мындан ары да улантуу пландалууда.

Маалымат:

«Патриот.kg» коомдук бирикмеси мындан бир жылдан ашуун убакыт мурун аталган университетте билим алып жаткан студенттер тарабынан уюштурулган жана жакынкы күндөрү КР Юстиция министрлиги тарабынан каттоодон өттү.

Дамир ЭСЕНГУОВ

Айбат гезити №77



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru