Айбат » Электр энергиясынын баасы калктын 67 пайызы үчүн 70 тыйын боюнча калат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Электр энергиясынын баасы калктын 67 пайызы үчүн 70 тыйын боюнча калат

энергетикаЭлектр энергиясына болгон баанын көтөрүлөрү тууралуу маалымат коомчулукта түрдүү пикирди жаратууда. Мындай маалыматты саясый кызыкчылыгына пайдаланып калууну көздөгөндөр да жок эмес.

Андыктан кечээ жакында эле коомдук биринчи канал аркылуу энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин айткан билдирүүсүн дагы бир жолу коомчулукка жарыялап койгонубуз туура болот. Анын айтуусу боюнча электр энергиясына болгон 70 тыйындык баа Кыргызстандын калкынын 67 пайызы үчүн көтөрүлбөстөн эле калат.

Маселен, алдын-ала божомолдоолор боюнча жайкы сезондо 300 кВатт, кышкы сезондо 600 кВатт электр энергиясы үчүн баа 70 тыйын боюнча гана сакталат. Эгерде электр энергиясын тамак-аш даярдоо жана үйдү жарык кылуу үчүн гана пайдаландар үчүн бул өлчөм жетишээрлик чек болот. Ал эми заңгыраган хан сарайларды салып, үйүн гана эмес машине токтотуучу жайларын да электр энергиясы менен жылыткандар кымбаттатылган баада төлөшөт.

Маселен, энергетика министри Осмонбек Артыкбаев өзү кыш мезгилинде бир айда 10-12 миң кВатт электр энергиясын жага тургандыгын билдирди. Ошол эле учурда карапайым эл ашып кетсе 500-600 кВатт электр энергиясын колдонот. Демек, электр энергиясын өздүк баасынан да арзан баада колдонуу мүмкүнчүлүг карапайым элге караганда колунда бар, бай жашаган жарандар көбүрөөк колдонуп келишет. Анын айынан электр энергиясынын жетишсиздиги пайда болууда. Мындан улам заңгыраган үйлөрү бар, колунда бар жарандарга электр энергиясынын баасын көтөрүү менен кыш мезгилинде электр энергиясынын жетишсиз болуусунан сактана алабыз.

Ал эми карапайым элибиз мурдагыдай эле 70 тыйындык баа менен электр энергиясын үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат.

Айбат гезити №77



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru