Айбат » Даңазалуу доордун каармандары

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Даңазалуу доордун каармандары

Даңазалуу доор

kinopoisk.ruСултан Сулейман (Халит Эргенч)

Халит Эргенч 1970-жылы 30-апрелде Стамбул шаарында төрөлгөн. Халит эргенч жөнөкөй эле мектепти бүтүрүп, 1988-жылы Стамбул шаарындагы техникалык университетке өз каалоосу менен тапшырган. Окуп жатканына бир жылдын жүзү болгондо, ал оператор жана маркетолог болуп жумушка орношот. Халит Эргенчке 1996-жыл абдан ийгиликтүү жылдардан болгон, анткени ал дал ошол убакта театрда карьерасын баштаган. Халит «Падыша жана мен» мюзиклинде биринчи жолу башкы ролду жаратып, чоң ийгиликке жетишип, «Кара периште» аттуу сериалга сунуш түшкөн. Теледеги жетишкендигине карабастан, Халит Эргенч театрдагы жумушун таштаган эмес.  Кез-кезде пьесаларда рол жаратып турган. Алардын бири «Кэт мени өп» пьесасы болгон. 2008-жылы Гүзем аттуу кыз менен баш кошот. Арадан жарым жыл өтпөй, ажырашууга туура келген. Андан кийин «Миң бир түн» сериалынын рол жаратуучусу Бергюзар Корель аттуу сулуу менен жылуу мамиледе болуп, көп өтпөй Бергюзар Корель менен баш кошуп, бир уулду болушат. 2012-жылы актёр «Даңазалуу доор» сериалына баш оту менен киришип, Султан Сулеймандын ролун мыкты деңгээлде аткарган. Халит Эргенчтин «Даңазалуу доордогу» жараткан ролу бирден бир жемиштүү жана ийгиликтүү болгон. Халит Эргенч тарыхый инсандын ролун жаратууда кыйынчылыктарды басып өткөндүгүн айтып өттү. Азыркы учурда «Даңазалуу доор» сериалы көптөгөн күйөрмандарды өзүнө тартып турган учуру.

 

kinopoisk.ruХатиджа Султан (Сельма Эргеч)

Сельма Эргеч 1978-жылы 1-ноябрда Германиянын, Бохум  шаарында  төрөлгөн.  Анын  атасы түрк, доктур болуп иштеген.  Апасы  немец  улутунда  болгон, эмчи  айым (медсестра). 1983-жылы бүт үй- бүлөөсү менен Турциянын Мерсин шаарына көчүп келишкен, андан кийин Анкара шаарында жашашкан. Көп өтпөй кайра 1989-жылы Германияга кайтышкан. 1995-жылы Сельма Түндүк Рейн-Вестфалиядагы мектепти диплом менен аяктаган. 1995-1996 -жылдары Хедингтондогу оксворддук мектепте окуган. Андан кийин студенттерди алмашуу болуп, Францияда окуусун уланткан. 1998-жылы кайра Германияга келип, ал жакта көп болбой Турцияга келип, Стамбулдук университетке медициналык факультетке тапшырган. Окуусу менен кошо медициналык клиникада үйрөнүүчү (стажер) болуп иштеген. Практикасын аяктаган соң, «Ярым Элма» тасмасына, өзүнүн актрисалык тажрыйбасын топтогону тартылган. 2011-жылы жаңы актрисалык карьерасын баштап ал «Даңазалуу доордогу» бирден бир башкы ролду ойногон. Анын айтымында теледеги карьерасынын жемиши, ушул Хадидженин ролун ойногондугун айтты.

 

Селим БайрактарСюмбюл ага (Селим Байрактар)

Актёр 1975-жылы 17-июнда, Ирактын Киркук шаарында жарык дүйнөгө келген. Жарык дүйнөгө келгенден кийин, Селимдин балалыгы жалаң  коркунучта  өткөн. Селимдин үй-бүлөөсү жакшы жашоо издеп, Турцияга качканга туура келген. Актёр Киркук шаарында окуп жүргөн учурунда, бүт дүйнөгө белгилүү саясатчы Саддам Хусейн келип, 13 жаштагы Селимди карап, бул баладан мыкты  жоокер чыгаарын айтканын эскерет. Бирок, турмушу бөлөк тарапка бурулуп кеткенин айтат. Селим өзүнүн актерлук талантын байкап, аны өркүндөткөнгө  аракет жасап келген. Ата-энеси каршы болбой, колдоп келишкен. Ал өзүнүн каалоосуна  жетиш  үчүн аскерге барбай, аскерлик өтөөдөн баш тарткан. Келечектеги актёр Анталиядагы мектепти аяктаган соң, Анкарадагы театралдык окуу жайга тапшырат. Эжей, агайлары Селимди таланттуу экенин дароо эле байкашкан. Ал бөлөк каармандын ролун ойногондон эч корккон эмес, аларды ийгиликтүү ойногон.  Селим  окуусун ийгиликтүү аяктаган соң, театрда  иштеп баштаган. Ал өмүр бою театрда  иштегиси келген, өзүн кино жылдыз болуп кетээрин эч  ойлогон эмес. 2009-жылы Селимге «Эгерде мен булут болсом» аттуу сериалга тартылууга сунуш түшөт. Ал көпкө ойлонгон. Андан кийин «Караңгыга карай кадам» аттуу киного тартылган. «Даңазалуу доор» тасмасында Селим  «Сүмбүл аганын»  ролун жаратып, ал Турцияда эле эмес коңшу мамлекеттерге да таанымал болуп калган учуру.

 

Марьем Сахра УзерлиХюррем (Марьем Сахра Узерли)

Марьем Сахра Узерли 1983-жылы 13-августта Германиянын Кассель шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы Түрк болгон, а апасы немец улутунда болгон. Ал төрт бир тууган эки кыз эки эркек. Төрт бир туугандын ичинен эң кичүүсү болгон. Германиядагы орто мектепти аяктагандан кийин, 17 жаштагы келечектеги актриса волонтёрдук жардам программасына катышып, бир жылга жакын рак менен ооругандарга  жардам берип турган. Волонтерлук жумушун аяктаган соң, Марьем  Гамбурдагы актёрдук мектепке тапшырып, үч жылдан кийин ийгиликтүү аяктаган. Андан кийин жаш актриса немецтик ТВда  үн коштоочу болуп иштеп жүрүп, Марьем «Даңазалуу доор» тасмасы Турцияда  тартылып  жатканын  угуп, кастингге  катышып калат. Кастингге миңдеген актрисалардын ичинен Марьемди тандап алып, ага Хюррем-Султандын ролун беришет. Ал Осмон империясында өткөн султан айымдын ролун оңой эле ойноп кеткен. Анткен менен кино Турцияда тартылып, түркчө болгону Марьемге түйшүк жараткан анткени ал түрк тилинде эркин сүйлөй алган эмес. Кино тартып жаткандар түрк тилинде сүйлөшкөндөрүнө байланыштуу, сөздөрүнө көп түшүнчү эмес. Бирок, бир нече күн түрк тилин окуп, Марьем түрк тилин жакшы өздөштүрүп эркин сүйлөп, түшүнүп кеткен. Султан-Сулеймандын эң жакшы көргөн жубайынын ролун Марьем деген сулуу жараткан.

 

Окан ЯлабыкИбрагим паша (Окан Ялабык)

Кино актёр 1978-жылы 13-декабрда Стамбул шаарында төрөлгөн. Андан улуу байкеси Озан. Окан «Даңазалуу доор» тасмасындагы Ибрагим Паша деген ат менен таанымал. 2004-жылдан баштап  үй- бүлөөсү менен Айвалык шаарында жашап калышкан. Ошондон баштап маңдайына жазган талантты текке кетирбей колдоно баштаган. Окууну бүтүргөндөн кийин, Стамбулдук университетке  дипломатиялык  факультетине тапшырат.  Студент  кезиндеги окутуучулары да профессионалдуу актёрлор болчу. Алардын бири Йылдыз Кентер болгон. Оканга телевидение жаккандыгына байланыштуу, университетте теле сериалдарга тартыла баштаган. Анын бирден бир ийгиликтүү иштеринин бири – «Hatirla Sevgili» жана «Serseri» тасмалары болгон. Аны, кинодон көргөн күйөрмандары дароо жактырып, фанаттары да пайда болуп кумир туткандар да көп болгон.  Оканга ролдордун баары жарашкан. Ролду да өзүнүн  мүнөзүнө жана чеберчилигине дал келген ролдордун бири бул «Даңазалуу доордогу» Ибрагим Пашанын ролу дал келген. Окана Ялабык өзүнүн кесибин баалайт жана сыйлайт. Анткени, бул кесипти өз каалоосу менен тандап алган. Андан тышкары Стамбулдук театрларда  да рол жаратып турат. Ялабык Турцияда өзүнүн актерлук чеберчилиги менен таанымал. Түркиянын телеси менен чектелбестен ал дагы чет элдик кинолордо да өзүнүн чеберчилигин көргөзүп келет. Мисалга ала кеткенде «Кунг-фу панданын» үнүн коштогон.  Анын үнү менен көптөгөн  рекламалар жана роликтердин үндөрүн да мыкты коштолгон. Ал өзүнүн үнүн ар кандай абалда көзөмөлгө ала алат. Актёр  көптөгөн нерселерге кызыгат, алардын ичинен жактырып ойногондору булар флейта,  гитара жана киного тартылуу. Окандын өздүк жашоосунан ала кетсек,  жеке жашоосунда  жалгыз  көйгөйү  үй-бүлөөсү  жоктугу. Анткени, киного бат-бат  тартылгандыктан өздүк жашоосу  ийгиликтүү  болгон эмес. Ал буга чейин Ханде Сорал  аттуу  айым  менен  баш  кошкон. Бирок,  көпкө  узабай ажырашып, эки тарапка кетишкен. Азыркы учурда Сельма Эргенч менен болгон сүйүү баяны үй-бүлөөлүк мамилеге алып бараар.

 

Небахат ЧехреВалиде (Небахат Чехре)

Небахат  Чехре  1944-жылы  15-мартта  Түркияда төрөлгөн. Анын атасы Иззет  Чехре  грузиндин каны аралаш болгон. Өзүнүн өлкөсүндө атактуу юрист болгон. Ал эми апасы үй кожойкеси болгон. Небахат  беш  жашында атасы  көз жумганына байланыштуу Самсун провинциясынан Стамбулга көчүп келишкен. Ал жерден апасы экинчи жолу соттук жумушту аркалап келген мырзага турмушка чыккан. 1956-жылы аны менен пикир келишпестиктер болуп ажырашууга барып  жергиликтүү журналист менен баш кошот. Небахат  үй-бүлөөнүн кичүүсү  андан улуу эки байкеси бар. Өзүнүн байкеси Охран ал эми экинчи атасынан Таййар. Небахат  көптөгөн маалымат  каражаттарына балалык кезинде уялчаак кыз экенин жана атасынын дүйнөдөн эрте кайтышы жана апасынын кайра турмушка чыгышын башынан өткөргөнүн айтып берет. Келечектеги актриса «Фатих» орто мектебин жана атайын кыздарга искусство үйрөтүү  адистигин бүтүргөн. Небахат 1962-жылдан баштап кинолорго жана сериалдарга тартыла баштаган. Ошондон бери жергиликтүү телеканалдын жылдызы болуп калган. Валиде Султандын ролун аткаруучу эки жолу турмуш курган. Биринчи жолу 1967-жылы Йылмазон Гюнеем  менен баш кошушкандан кийин ал көп убакыт  киного жана сериалга  тартылбай  калган. Бир нече көз ирмемдер өткөн соң алар ажырашкан. Кайрадан экранга кайтып келип экинчи жолу турмушка чыгат. Бирок, бул жолу турмушка чыгуусу ийгиликсиз аяктаган.

 

Нур АйсанМахидевран (Нур Айсан)

Нур Айсан 1980-жылы 12-ноябрда Германиянын Дуйсбург шаарында төрөлгөн. Нур Түркиянын Бешикташ шаарында билим алып, андан кийин Халич университетине  кийимдердин  дизайнери факультетине тапшырган. Нур окуусун бүтүргөн соң, жергиликтүү банкта  ишин  уланта баштаган. Андан кийин Нур «Скай Түрк» теле каналынын «Новости биржи» рубрикасын алып баруучу кызмат аткарып келген. Нур Айсан  2007-жылдан баштап, теле сериалдарга тартыла баштаган. Эң биринчи анын катышуусу менен «Менден кандай ата чыгат» сериалы болгон. 2008-жылы актриса «Запретная любовь» сериалына  рол  ойноого  сунуш  алат.  2011-жылы  «Долина волков: Палестина»  киносунда  рол  жаратат, көп өтпөй актрисаны «Даңазалуу доор» сериалына тартылган, ал жакта Султандын биринчи жубайынын ролун жараткан.  Актриса Мурат Айсан менен баш кошушкан, бирок экөөнү жашоосу эки жолго түшкөн. Нур өзүнө мурдагы жолдошунун фамилиясын алып калган.

Канат КЕБЕКОВ

Айбат гезити №77




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru