Айбат » Путин жикчилерди референдумун токтото турууга чакырды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Путин жикчилерди референдумун токтото турууга чакырды

ПутинПутин бул  тууралуу кечээ Москвада, ЕККУнун учурдагы төрагасы, Швейцариянын президенти Дидье Буркхальтер менен кездешкен соң билдирди.

Орус президенти ошол эле учурда Киевдеги бийликтерди коопсуздук операцияларын тезинен токтотууга үндөдү. Путиндин пикиринде, Украинанын 25-майга белгиленген шайлоосу өлкөнүн проблемаларын чече албайт. Ак үй орус президентинин бүгүнкү сөздөрүн комментарийлеп, Украинанын чыгышындагы референдумдар токтотулбастан, такыр эле өткөрүлбөшү керектигин белгиледи. Расмий Киев жана анын Батыштагы өнөктөштөрү орусиячыл жикчилердин референдум өткөрүү мүдөөсүнүн артында Москва турат деп эсептейт. 11-майдагы референдумду Украинанын чыгышында Доненцк Элдик республикасы түзүлгөнүн жарыялагандар өткөргөнү жатышкан.

Айбат гезити №77




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru