Айбат » Жүрөгүбүздөгү түбөлүк алкыш жалыны (+инфографика)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги, Тарых » Жүрөгүбүздөгү түбөлүк алкыш жалыны (+инфографика)

1941-жылы тынч уйкуда жаткан элди кара түтүн каптап,  ал кара түтүндүн ышы элдин, канчалаган апалардын, аталардын, бир туугандын көз жашын төктү жана түбөлүккө жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн орун алды…

9-май

1941-жылы 22-июнда элдер күнүмдүк жашоолорундагы жумуштарын кылып, жада калса күн дагы тоо койнуна өз нугу менен кирип, өз милдетин мемиреген түндүн кучагына тапшырган. Адамдар  күндөгүдөй тынч уйкунун өмүрүн сүрүп жаткан кезде, тагыраак айтканда таңкы саат алтылар чамасында, алардын төрт жылдык тынч уйкуларын уурдаган уурулар өз караандарын көрсөткөн. Тактап айта кеткенде, Германдык фашисттер тынч жаткан Советтер Союзунун элдеринин тынчын урдап, кол салышкан. Бул күнү, күн күндөгүдөн башкача сүрү менен  тоо койнунан суурулуп чыккан. Өзү менен кошо беш жылдык согуштун желегин желбиретип, жер бетине жылуу нурун эмес, ачуу нурун тартуулаган кезде, элдердин күлүмсүрөгөн жүздөрүн, капачылыкка жана көздөрүнөн жаш агызган келбетке айланткан. Ооба, бул төрт жылдык согуш  көптөгөн аталарыбызды жер астына ак кепин оротуп тартуулады, согуш талаасында кайтыш болуп өз мекенине келбей, чочун жердин кучагына жаткандарда бар жана көбүнчөсүн майып кылды, алардын аз санда гана аталарыбыз төрт жыл мурун таштап кеткен уяларына кайтып келген. Көптөгөн апаларыбыздын, эжелерибиздин жашынан арман көлүн жаратып, ал көлгө жаш наристелерди калагы жок кайыкка салып, кан жуткурган. Төрт жыл бир кылымга тете болуп, ар бир күн бир жылга айланган. Согуштун кара түтүнү бүткүл өлкөнү каптап, асмандагы бир укмуш кооз көрүнүштү, көрксүз карандаш менен тартылган сүрөттөй кылган. Ошол кездеги ар бир пенделердин тиленгендери бир гана жеңиш жана тынчтык болгон. аны менен бирге согушка аттанган түбөлүк жарларын, кээ бирөөлөрдүн аталарын, агаларынын аман-эсен кайтып келишип, өздөрүнүн сагыныч, жылуу кучагын бекем кысып турушун эңсешкен. Бирок, бул эңсегендерин кудайым саналуу гана кишилерге тартуулаган, калгандарына көздөрүнөн жаш агызып, ооздорунан кошок үнүн чыгарткан.

Биз азыркы тапта тынчтыкта жашап жаткан күндү, ошол кезде аталарыбыз өздөрүнүн өмүрлөрүн бычактын мизине коюп, бизге тартуулаган. Алардын эмгектери баа жеткис алкышка ээ жана түбөлүктүү таазим кылышыбыз керек. Согушта биздин эркин, тынчтык жашообуз үчүн күрөшкөн аталарыбыз жыл айланган сайын азайып жатканын, алардын караандары, талаада гүл соолуп көркүн жоготкондой  аталарыбыздын караандары күн санап четинен жоголуп жатканы, биздин жүрөгүбүздү ыйга айлантат. Алар бар кезде, алардын ыраазычылыгын алууга аракет кылышыбыз керек. Аталарыбыздын мындай түбөлүктүү белектерин биз эч качан унутпашыбыз керек экенин, ар дайым жүрөгүбүзгө туюшубуз керек. Биз азыр жыргалчылык жашоо көрүп, жаш торпок оюн салгандай оюн салып жаткан чагыбыз, кудайыма шүгүр деп жакабызды бек кармап, тобоо кылышыбыз керек. Кудайым мындай согуш баянын кайрадан биздин жашоо тарыхына кара сыя менен жазбасын жана биздин балдарыбызга өз кучагын ача көрбөсүн.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №77




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru