Айбат » Күнүмдүк жашоого жетет, бирок…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Күнүмдүк жашоого жетет, бирок…

Замирбек уулу Нурбек“Мугалим мөмөлүү дарак” дегендей азыркы мамлекетибиздин президентинен баштап депутат, министр жана башка тармакта иштеп жаткан адамдардын бул деңгээлге чыкканына мугалимдердин салымы абдан зор. А бирок, мугалимдердин жашоосу, алардын айлык акысы, өзгөчө азыркы жаш мугалимдердин көтөрүлгөндөн кийинки айлык акылары канча? Алардын мектептеги жашоолору, алардын жашоого болгон ой-пикирлери кандай? Мына ушундай суроолорго биз №1 мектептин кыргыз тилинен сабак берген жаш мугалими  Замирбек уулу Нурбекти маекке тарттык.

- Саламатсызбы Нурбек агай?

– Саламатчылык

- Сиз  канчанчы жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жатасыз?

– Мен 5-курс кезимден баштап мугалимдик кызматта иштеп келем, тагыраак айтканда 2012-жылдан баштап.

- Мугалимдик кесип сиз  үчүн кандай кесип?

– Мугалимдик кесип мен үчүн кызыктуу жана барктуу кесип болуп саналат. Негизинен, мен жаңы келгенде аябай оор болуп жүрдү, убакыт өткөн сайын мен такшала баштадым. Албетте, бул өз колуман келген жок, ушул мектепте көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан  Алтын эжебиз мага устат  болуп, көптөгөн нерселерди үйрөттү. Уруксат берсеңиз учурдан пайдаланып мага жол көрсөткөн эжекем Алтын Назаркуловнага  рахматымды  айта  кетейин.

- Окуучулар  менен  иштөө  сизге  жеңилге  турбаса керек ээ?

– Ооба, жаңы келгенде жыйырмадай окучу менен иштеш оңойго турган жок. Ар бир окучу менен иштеш, бул ар бир адамдын колунан келе бербейт экен. Мен дагы башында кыйналып, башым ооруп жүрүп көндүм окшойт.
Бирок, окуучулар менен иштеш абдан кызыктуу, ар бир окуучунун өзүнө  тиешелүү мүнөздөрү болот, ар биринин мүнөзүнө  жараша  мамиле жасашың керек.

- Демек, сизге мугалимдик кесип жаккан экен да?

– Мен өзүм Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Филология факультетин бүтүргөм. Менин кесибим мугалим. Мен 5 жыл бою ушул тармакта иштөө үчүн билим алгам,  ал билимимди текке  кетирбей, мугалим болуп  иштөөнү  чечкем. Албетте, мугалимдик кесип мага жакты.  Айтып коюшат эмеспи  «мектеп бул саздак жер» деп. Бул сөзгө мурун көп маани берчү эмесмин,  качан мектепке келгенде гана түшүндүм. Көрсө окуучуларга бат көнүп калат экенсиң, аларды таштап башка кесипке кетиш да кыйынга туруп калат экен.

окуучулар- Мугалимдик кесипте кандай оорчулуктар бар экен?

– Жогоруда айтып кеткендей, жаңы келгенде кыйын болду, такшалып калган мугалимдер жардам бербесе, жалгыз иштеп кетүү кыйын экен. Негизинен мугалимдик кесип түйшүктүү, 45 минутта ар бир окуучуга билим берип, алардын үй-тапшырмасын текшерип, үйгө тапшырма берип, аларды баалоо жана журналдарды толтуруу менен чектелбестен ачык сабак, сабактан тышкаркы иш-чаралар жана ушундай иштерди бүтүрүү бул оор. Бирок, ушулардын баарына жетишип келишет.

- Эми айлык акы боюнча сүйлөшсөк, 2011-жылы мугалимдердин айлык акысын канчалык деңгээлде көтөрдү?

– Маңдай тери менен билим берип калган мугалимдер мурун  2 миң, 3 миң сом  алса,  алар азыр  6 миң, 7 миң сом  алып калышканын айтышат. Мен болсо бактым аттын башынан чоңбу,  айлык акы көтөрүлгөндө келип калдым, менин айлыгым 7 миңге чейин барат.

- Алган айлыгыңыз  сизге  жетиштүүбү?

– Эми кудайга шүгүр, күнүмдүк жашоого жетет. Бирок, мен эркек киши болгондон кийин  жер алып, там салууга, үй-бүлөнү багууга жетпейт. 7 миңге  чейинки айлык менин күнүмдүк жашоомдон артпай калат.  Жол кире, туугандар менен катышуу, тамак ашка жумшалып кээде карызда  болуп калам.

- Сиздин оюңуз  боюнча  мугалимдин айлык акысы канча болушу керек?

– Негизинен, көбүрөөк болсо абдан жакшы эле болмок. Азыркы учурда орточо эсеп менен 15 миңден 20 миң сомго чейин болсо мугалимдин мээнети акталаар эле жана окуучулардын билим деңгээли жакшы да болмок. Тилекке каршы мындай айлык азырынча биздин кыялыбызда гана орун алып келет.

- Билим берүү жаатын кандай өзгөртүүлөрдү жасоо керек?

– Биз мурунку совет  убагындагы окутуу системасы менен келе жатабыз.  Ал убактагы окуучулар менен азыркы учурдагы окуучулардын билимге болгон көз караштары ар башка. Тагыраак айтканда биз совет  убагындагы билим берүү системасынан чыгышыбыз  керек,  азыркы окуучуларга билим берүүнүн  башкача системасын  ойлоп таап,  ошону менен окутушубуз керек. 21 кылымдын окуучуларынын ойлонуусу, билимге болгон көз карашы башка  нукка бурулуп калган. Туура билим берип, аларды жакшы  жолго салуунун системасын ойлоп табышса жакшы болмок эле, бул жеке менин көз карашым. Ал эми көп окуучуларды өз уясынан учурган мугалимдердин көз карашы башкача болушу мүмкүн.

- Азыркы учурда мектепке мугалимдер жетиштүү эмес, көбүнчөсү дипломдорун сандыкка катып, өздөрү  базарларда иштеп жүрүшөт. Мына ошол дипломдордун ээлерине  берер  кеңешиңизди айта кетсеңиз?

– Беш жыл окуп алып дипломдорун катып жүргөндөр көп. Ар кимдин жашоо шарты ар башка экен. Азыр көпчүлүгү айлыктын аздыгына карап башка жумуштарда иштеп жатышат. Менин айтар кеңешим, мектепке келип иштешсе көп нерселерди үйрөнөт эле,  ошол эле окуучулар менен иштешүү, иш кагаздарга так болуу  менен  бирге мектеп бул кыймылдуу нерсе, бул жерден иштеп көтөрүлсөң да болот.

- Канткенде биз өзүбүздүн  кыргыз  тилибизди өнүктүрө алабыз?

– Акыркы күндөрү кыргыз тилин өнүктүрүүгө көптөгөн иштер жасалып жатат. Бирок,  өз түшүмүн  жогорку деңгээлде бербей келет.  Менин оюм  боюнча биринчиден кыргыз тилинде сүйлөөгө муктаж  жаратышыбыз керек, ал муктаждыкты кантип жаратыш керек? Биринчиден: мамлекеттик иш кагаздардын баардыгын кыргыз тилинде кылыш керек. Экинчиден: мамлекеттик кызматка кыргыз тилинде эркин сүйлөп, жазган жана анын баардык эрежелерин билген киши келиш керек деп мыйзам кабыл алыш керек.

- Нурбек агай маегиңизге чоң  рахмат, ишиңизге ийгилик.

– «Айбат» газетасы силерге да чоң рахмат.

P.S. Ооба,  мугалимдин жумушун сырттан караган адамга оңой көрүнө берет эмеспи, негизинен эң оор жумуш мугалимдердин жумушу. Өзүбүз деле ойлонуп көрсөк. Алыска кетпей эле өзүмдү алайын. Эгер, мугалим мага билим бербесе, мен азыр тоодо  кой жандыгым менен достошуп тоонун бир кырында  жүрмөкмүн да. Мугалимдин берген билими болбосо президентибиз,  депутаттарыбыз жылуу жумшак жерде отурбайт эле да. Мына мугалимдин берген билиминин  артынан мамлекетибизди башкарып, өз үй-бүлөсүн багып, кычыраган машиналарды минип жүрүшөт.  А эмне үчүн анда депутаттар мугалимдерге караганда көбүрөөк айлык алышат?  Депутаттарга караганда мугалимдердин эмгеги жана пайдасы көп болуп жатпайбы. Урматтуу ак үйдүн тургундары, отурган жумшак жериңер кимдин эмгеги аркылуу келгенин билип алсаңар абдан жакшы болот эле. Билбегендерге айтайын, силер жылуу жерде жашап, ширелүү тамак ичип, жоо баспай машина минип жүргөнүңөрдүн себеби, мугалимиңердин эмгеги.  Мугалимдин эмгегин актап, айлык акыларын жарытаарлык кылып берсеңер абдан жакшы болмок. Эртең эле ал мугалимдер силердин балдарыңарга билим берет.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №77




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru