Айбат » Кыргыз кыргызды кор кылганда…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргыз кыргызды кор кылганда…

OLYMPUS DIGITAL CAMERAБиз кичине кезде айылдан “Баланча Фрунзеге барып келиптир”,-дешип атайын барып учурашып, көргөн-билгендерин угуп базарлык жешчү. Азыр Бишкек эмес Америкага, Кореяга деп жаштар, чоңдор деле дүйнө жүзүнө агылууда.

Албетте, аларды үй-бүлө багайын, эл сыяктуу жашайын деген таттуу ой-тилектер жетелөөдө. Акча тапмак турсун, айрымдар Россиядан ажал таап кетишүүдө. Кудайым ошондой кырсыктан башкаларын сактасын!

“Теңтушубуз Белек Хакасиядан келиптир” деп бир жолу барып калдым. “Оо, байкең акчаны басты го?! Эмне алып келиптир? Жакшы эле тапкандыр”,-деп кызыгып жатышты уккандар. Маанайы пас Белек аманчылыгын айтып, Абакан шаары жергиликтүү калк жөнүндө көрөндөрүн баяндады. Элдикиндей деле белек-бечкеги байкалбайт. Кийинчерээк өзүнөн буларды уктум.

“Үйүңдөн кырк кадам чыксаң мусаапырсың дейт. Мен да мусаапыр болдум. Нарындык бир киши Хакасияга бригада топтоп жатат, айына он беш миң рубль берет экен деп угуп жөнөдүк. Документиңер туура эмес деп жолдон казактар бир аз акчабызды шыпырып алды. Абакандан нарындык байкенин иниси тосуп алды. Ал киши көп жыл жашап “местный” болуп калыптыр. Рудный шаарчасында темир иштетүүчү комбинатта иштедик. Паспортторубузду жыйнап алды. Жумуштун баарын колго бүтүрөбүз. Кошумча техника жок. Ичкенибиз көк сорпо, тоок. Айлык төлөбөйт, кетебиз дегендерге жаза катары тамак бербей, документтерин да бербей коюшту. Каршы сүйлөгөндөрдү бригадирлер мас болуп алып сабап, көчөгө чыкканга тыюу салган. Жергиликтүү балдарга бизди аңдытып коюшкан.”

Түнкүсүн “шабашкага” сатып иштетишет. Акчасынын көбүн өздөрү чөнтөгүнө салышат. Кожоюнубуздун машинеси 80 миң доллар турат экен. Кызында, ар бир баласында бирден кычыраган машина. Өздөрү айына 8 миң рублдик квартирада жашашат. Биз болсо подвалда жашайбыз. Жаратылышы катаал Рудныйда орустар эле жашап, шахтерлордун акчасы жакшы төлөнөт экен. Бизди көргөн орустар баш чайкашып, 15000 рубль да акчабы? Канча ден соолугуңар кетип жатат дейт. Оорусаң шоруңдун катканы. Кожоюндун Бишкекте досу бар, ошол бал тилге салып, балдардын акчасын, документтерин алып, Абаканга жиберет. Мындайча айтканда, кишини сатып жатат. Ошол группанын дээрлик көбү нарындыктар болдук. Намыстанып, акчасын доолаган бир жигит тажаганда документин албай кетип калды. Тагдыры белгисиз, бомж болуп кетти деп уктум. Оо, ал жакка барсаң алтындуу болосуң деген кожоюндун балдары акчабызды төлөбөй, жүзү бурулуп, тааныбай калышты. Алыс жерде жердештик, бир туугандык деген сезимдери жок.”

Акчанын кулу болгондору мени таңдандырды. Курулуш бүтө жаздаганда, эптеп паспортубуз колубузга тийгенине сүйүнүп, акчасына кайыл болуп, Бишкекке жөнөдүк. Айдоочу менен сүйлөшүп, жол киребизди шаардан туугандардан алып бердик. Айдоочуга рахматыбызды айттык.

Уккандарыбызды, болгон ишибизди талкуулап олтуруп, баарына бизди чогултуп жөнөткөн, ортодо акчабызды жеген нарындык байкебиз күнөөлүү экен деген чечимге келдик. “Ал ажыга барып келген жакшы киши дейсиңер, даана алдамчы ошол”, – дешти балдар. Жердешим үчүн уялып калсам да. Үйгө келгениме сүйүндүм”, – деп Белек сөзүн бүтүрдү.

Айым Талгатбек кызы,
Нарын

Айбат гезити №77



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru