Айбат » Калима Дүйшөбаева: “Акылбек Жапаров цирктин артына имарат салып атыптыр, кайсыл акчасына?”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Калима Дүйшөбаева: “Акылбек Жапаров цирктин артына имарат салып атыптыр, кайсыл акчасына?”

Жапаров Акылбек- Сиз Көк-Жар жаңы конушунан жер тилкесин сатып алган экенсиз. Азыркы күндө бул конушта жашагандар жер саткан адамдарга нааразы болуп жатканын уктук. Кандай нааразычылыктар бар?

– Мен бул жерди сатып алганыма үч жыл болду. Ошол жер тилкесин сатып алып жатканда эле сатып аткандар бизден кошумча 1000 доллардан алышып, суу чыгарып, жолго шагыл төшөп беребиз дешкен. Бирок, үч жылдан бери ал убадалар аткарылбай келет. Электр жарыгын болсо Жаңы-Жылдын алдында гана беришти. Суу жок болгондуктан алыстан ташып келип ичебиз. Жолдор жамгыр жааганда ылай болуп эзилип, машине кире албай калат. Жер тилкесин саткандар адамдар ушул күнгө чейин эле бизди алдап келе жатышат. Такыр айлабыз кеткенде айыл өкмөтүнө да бардык. Ал жактан бизге «бул жер менчик жер экен, биз эч нерсе кыла албайбыз» деп коюшту.

- Бул жер тилкелери Акылбек Жапаровго тиешелүү экендигин качан уктуңуздар?

– Аны жерди алып жатканда эле укканбыз. Бирок, документ боюнча Акылбек Жапаровдун эч кандай аты-жыты жок. Бирок, жерди сатып аткандардын бардыгы анын туугандары деп угуп атабыз. Мисалы элдар деген бала анын күйөө баласы болот экен. Акылбек Жапаровдун жери экендигин айыл өкмөтү деле билет экен. Макул, анын жери болсо деле эч ким нааразы болбойт эле. Болгону айткан убадаларын аткарып коюшпайбы? Ал адам азыр цирктин артына чоң имарат салып атат деп уктук. Аны кайсыл акчасына салып атат? Бизге окшогон карапайым адамдарды алдап алган акчаларына салып жатса керек го…

Айбат гезити №78




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru