Айбат » Жеңилдетилген кредиттери «жеп алгысы» келген Бабановдун банкы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат, Экономика » Жеңилдетилген кредиттери «жеп алгысы» келген Бабановдун банкы

Бабанов банкыЭске сала кетсек, Өмүрбек Бабанов башында турган «Республика» партиясы 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында элге 7 пайыздан кредит беребиз деп убада кылган эле. Бабанов өкмөт башында турганда бул убадасы бир аз аткарылып жаткандай болгон. Көрсө, Бабанов мырза мындай убаданы жогорку кызматтарда турса гана аткара тургандыгын далилдеп койду. Ал эми калган учурларда атайын өкмөт тапшырган жеңилдетилген кредиттерди да жаап-жашырып, атайылап эле фермерлерге жана дыйкандарга бербей келери ачыкка чыкты.

Тактап айтканда «Коммерциялык банк «Кыргызстан»» ААКсы фермерлерге багытталган 100 миллион сом өлчөмүндөгү жеңилдетилген кредиттерди атайылап эле бербей келгени аныкталды. Жылдын башынан бери аталган банк фермерлер үчүн болгону 50 миллион сом гана жеңилдетилген кредиттерди берген. Андан кийин келген фермерлерге акча жок экендигин айтып жолго салып турушкан. Банк мына ушундай кадамы менен фермерлердин иш жүргүзүүчү маалы өтүп кетишин күтүп отурушкан. Бирок, алардын мындай кыңыр ишин өкмөт өздөрүнүн жабык эшик артындагы отурумунда аныкташты.

Анын негизинде өкмөт эми бул 100 миллион сом жеңилдетилген кредиттерди фермерлерге берүү мүмкүнчүлүгүн «ОптимаБанк» ААКсына тапшырды. Ал эми мунун Өмүрбек Бабановго кандай тиешеси бар дегендер чыгышы мүмкүн. Андыктан дал ушул жеңилдетилген кредиттерди фермерлерге жеткирбей жаткан «Кыргызстан» коммерциялык банкынын» ээси, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов экендигин айтып коелу.

Ал өзүнүн мындай амалы менен учурдагы өкмөттүн ишине атайылап бут тозуп, «Ана өкмөт иштей албай жатат, мен болсо кыйратат элем» деген ишаратты жасагысы келгенин жашырууга кыйын болуп калды. Бабанов мырзанын мындай бут тозуусуна карабай, үстүбүздөгү жылы бүгүнкү күнгө чейин «Айыл чарбасын каржылоо 2» долбоорунун негизинде өлкөбүздүн фермердик чарбачылыгына жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө жалпы жонунан 2 миллиард 345 миллион 304 миң сом берилген.

Мындай маалыматты “Вечерний Бишкек” сайты жазып чыкты.

Айбат гезити №78




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru