Айбат » Гүлсайра Момунова: “Коомубуздагы өсүп-өнүгүү эненин тилегиндей болсун”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Гүлсайра Момунова: “Коомубуздагы өсүп-өнүгүү эненин тилегиндей болсун”

эне- 2012-жылдан бери карай жыл сайын май айында  «Энелер күнү» катары белгиленип келүүдө. Бул майрамдын мааниси эмнеде жатат деп ойлойсуз?

– Бул майрамдын мааниси өтө чоң. Биз бул жарык дүйнөгө жаралганыбыз үчүн, эне мээримине бөлөнгөнүбүз үчүн энелердин алдында карызбыз. Адамзаты үчүн энеден ыйык, энеден кымбат эч нерсе жок. Быйыл «Энелер күнү» деп атайын майрам катары белгилеп келе атканыбызга үчүнчү жыл болуп отурат. Бул күндү атайын майрам катары ким сунуштап, көтөрүп чыгып, кабыл алган болсо, ал адамдын көкүрөгүндө чыныгы адамгерчилик, энелерге болгон терең-урмат сый бар деп билем. Ким бул күндү майрам кылса дагы, ал өзүнүн уулдук парзын бийик туткан адам деп билем. Мен муну өзүм эне болгон үчүн гана айтып жатканым жок. Энелер кубанып турса, жүздөрүнөн жылмаюу кетпей, кулпуруп турса, өзүнүн уулдарынан, кыздарынан, мамлекетинен жылуу сөз угуп турса, анда элибизде өсүү болот. Энелер ыйлап турса, ал жакшылыктын жышааны эмес. Андыктан энелер ар дайым кубанычтан балкып, жаркырап-жайнап турушсун. Жалпы энелерди бул майрамы менен чын дилимден куттуктагым келет.

- Энелердин коомдогу ордуна кандай баа бересиз?

– Энелердин коомдогу орду өтө чоң. Себеби бардык ийгиликтин башаты үйдөн башталат. үйдөн жакшы тарбия алган бала келечекте эли үчүн кызмат кылган мыкты уул болот. Азыркы күндө энелер үйдүн гана куту болбостон, коомдо да өздөрүнүн чоң салымдарын кошуп келишет. Эне мээриминдей мээрим жок. Эне тилегиндей жаркын тилек жок экен. Эне өзүнүн уул-кыздары үчүн, эли үчүн чарчагыс, чаалыккыс жан болот экен. Аялзатынын өжөрлүгү коомубуздун алдыга өсүшүнө да чоң түрткү берет. Аял жакшы болсо, үй-бүлөнүн куту болот. Ошол сыяктуу эле коомдук иштерде да акылман энелер өздөрүнүн тиешелүү салымдарын кошуп турушса, коом алдыга жылат. Чымчык өзүнүн жумурткаларын басып жатканда, аны ар кандай кырсыктардан чырылдап калкалап турса, эне да ошол сыяктуу бардыгыбызды калкалап турат. Андыктан коомубузда эне тилегиндей өсүп-өнүгүү болсун дейт элем.

Айбат гезити №78



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru