Айбат » Бишкек шаардык кеңешиндеги «Республика» фракциясы мэрдин ордун неге «мээлеп» атат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бишкек шаардык кеңешиндеги «Республика» фракциясы мэрдин ордун неге «мээлеп» атат?

Кулматов КубанычбекБишкек шаардык кеңешиндеги «Республика» фракциясынын депутаттары шаар мэри Кубанычбек Кулматовго ачык эле каршы аракеттерди көрө баштады. Маселен, үстүбүздөгү жылдын 15-майында болуп өткөн шаардык кеңештин жыйынында алар шаар мэринин Бишкекти 2014-жылдан 2018-жылга чейин өнүктүрүү планын чийки деп баалашты. Ал эми айрым «республикачылар» мэриянын бул программасын Илья Ильф менен Евгений Петровдун «Он эки стул» романы менен салыштырып жиберди. Кызыгың түшкүр, көркөм чыгарма менен реалдуу программанын айырмасын билбеген адамдар да шаардык кеңештин жыйынында отуруп калганын карасаңыз. Негизи эле учурда өтө кооз сүйлөп, элдин көңүлүн өзүнө бурууга аракет жасаган саясатчылардын катары арбып кетти. Андыктан мына ушундай салыштырууну айткан шаардык кеңештин депутаты Эрнис Докеновду да «кооз» сүйлөгөн саясатчылардын катарына кошуп койсок болчудай. Бирок, депутаттардын мындай пикирлери менен мэр Кубанычбек Кулматов макул эмес экендигин билдирди. «Мен «Республика» фракциясынын жетекчиси Мирлан Жээнчороевдин Программанын долбоору талаптарга жооп бербейт деген бүтүмү менен макул эмесмин» дейт ал. Анын айтымында буга чейин шаардык кеңеш аз эмес программаларды кабыл алган. Бирок, алар иш жүзүнө ашкан эмес. Мунун башкы себеби ал программалар финансылык жагын карашкан эмес. «Биздин программа кайсыл жерден финансылык булакты көрүп жатканыбыздын негизги багытын көрсөтөт. Ошол эле учурда биз реализациялоо системасы жана иш-аракеттердин планы кандай боло тургандыгын толугу менен көрсөтөбүз», – деп билдирди шаардык кеңештин жыйынында Кубанычбек Кулматов. Чындыгында бул программа буга чейин шаардык кеңештин бардык фракцияларында каралып, бардык сунуштар жана сындар эске алынып, өзгөртүүлөр болгон. Бирок, ошого карабастан «Республика» фракциясынын депутаттары бул жыйында толугу менен Кулматовго каршы иштешти. Мунун артында кандайдыр бир сыр жаткансыйт. Эмне «сыр» экендиги айтпасак деле жалпы коомчулукка белгилүү болсо керек. Андыктан «ич күптүлөрүн» ачыкка чыгара албай аткан «республикачылар» Кулматовду иштетишеби, же өздөрүнүн кызыкчылыгын гана көздөп жүрө беришеби?

Айбат гезити №78



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru