Айбат » Жалган айткан профессионалдуу чагымчылардын тилин тартуу керекпи?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жалган айткан профессионалдуу чагымчылардын тилин тартуу керекпи?

тил душманБиздин депутаттардын жалган билдирүү үчүн катуу жаза берүү демилгеси батыштын акырынан жем жеген бейөкмөт уюмдар жана АКШнын элчилиги тарабынан терс сындарга кабылды. Эмне үчүн? Бул маселени тыкыр карайлы.

Бала чагыбыздан жалган айтуу жаман иш экенин билебиз. Бардык диний окууларда да “жалган айтпа” деген осуяттары алдыңкы орунда турат. Дайым калп айткан, алдаган адамга сиздин мамилеңиз кандай болот? Чыркыраган чындык ачыкка чыкканда бардыгыбыз алдамчыны сыйлабай, аны менен жада калса сүйлөшкүбүз да келбей калат. Бул жеке инсандык да, мамлекеттик да мамилелерге тиешелүү.

Качкын президент Курманбек Бакиев АКШнын базасын жабам деп убадасын аткарбай койгондо, бардык өлкө лидерлери андан жүз үйрүштү эле. Бул эң жогорку деңгээлдеги алдамчылык болгон. Жөнөкөй кыргызстандыктарды алдап жүргөнүн айтпай эле коёлу. Ал эми АКШнын элчилиги болсо анын калпына көз жуумп отура беришкен.

Мыйзам долбооруна келсек, анын демилгечилеринин айтымында, кылмыш тууралуу жалганды таркаткан маалымат булагын жоопкерчиликке тартуу боюнча сөз болуп жатат. Мындай мисалдар бизде жайнап турат. Оштогу 2010-жылдагы кайгылуу окуяларда эсиңерде болсо кимдир бирөөлөр СМС аркылуу жатаканалардын биринде кыргыз кыздарын зордуктап кетишти деген маалыматты таратышкан. Кийин мындай фактынын болбогондугу аныкталды. Бирок бул маалыматтын айынан улуттар аралык жаңжал чыгып кеткен. Бул маалыматты тараткандар жазасыз калышкан.

Дагы бир мисал, саруулуктар өткөн жылдын май айында башаламандык жасашкан. Укук коргоочу имиш болуп жүргөн Качкын Булатов “Волна” базасына чабуул жасоо учурунда митингчилердин бири каза тапты деген жалган маалымат таратып ийген. Журналист болсо аны ММКга жайып жиберген. Бул жаңылык заматта тарап, укук коргоочу органдар тынч элди өлтүрүп атат деген сөздөр башталган. Бул маалыматты жериндеги журналисттер жана “тез жардамдын” дарыгерлери жокко чыгарбаса, көлдүктөрдүн баары көтөрүлүшү мүмкүн эле. Ал эми Качкын Булатов өзү болсо уялбай-этпей эле башка митингдерге катышып жүрө берди – Кумтөргө каршы, Тюлеевди жактаган ж.б. туруктуулукка доо кетирген митингдерде.

Адамдардын ушундай профессионалдуу чагымчы деген өзгөчө түрү пайда болду. Учурда алардын күнү тууп аткан кези. Алардын бири Абдулла Юсупов. Ал бир канча жылдан бери бир килтейген таасирдүү партияны калчылдатып кармап турат. Анын сөзүн эч кимиси ырастап да, четке кага да албай отурат. Маалыматтык согуш шартында мындай адамдар абдан керек. Алар коркушпайт жана алдагандан уялышпайт. Аттарын жашырбастан ачык эле чыга беришет. Ал эми алардын жиниккен элге болгон таасири абдан чоң экенин кайда жашырабыз?

Дагы бир коркунуч – жалган билдирүү аркылуу каршылашыңдын көзүн тазалап коё аласың. Кыргыз ММКларына бир ушак чыгарып койсоң болду. Ал адам дароо актанып чыгат, ал эми коомчулук болсо – актанып атабы, демек күнөөсү бар деп эсептеп калат. Ал эми унчукпай койсо, анда да күнөөлүү кылып чыгарышат.

Жалган билдирүүгө жоопкерчилик көптөгөн Европа өлкөлөрүндө жана АКШнын 19 штатында каралган. Аларга болот, бизге болбойбу? Же кыргыздарды жалгандан коргобош керекпи? Мындай артыкчылык бизден алда канча алдыга озгон өлкөлөр үчүн гана каралганбы?

Ушул маселелер чоң суроолорду жаратат. Ал эми биздин жалган билдирүүлөр менен күрөшө турган жагдайлар – экинчи орунда.

Анара Юсупова

Айбат гезити №78




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru