Айбат » Маалыматтык анархиядан арылууга убакыт келип жетти!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Маалыматтык анархиядан арылууга убакыт келип жетти!

өрдөкУчурда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынган кылмыш тууралуу жалган билдирүү жөнүндө мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Президент буга кол койбойт деп ишенгендер арбын, кол койбосун деп чакыргандар аз эмес. Алардын ичинде журналисттердин өздөрү, бейөкмөт уюмдар жана таң калычтуусу – чет элдик уюмдар да бар.

Бирок, чындыгында, жарандарыбыз бул мыйзамды түшүнүп-түшүнбөй эле жыйынтык чыгарып жатканы өкүндүрүүдө. Бирөө кыйкырып чыкса, анын артынан калгандары маселенин маңызына көңүл бурбастан, чогуу, “компаниялаш” болуп эле кыйкырып атышат.

Мыйзам долбоорунун өзүнө көңүл бурсак. Кылмыш кодексинин бул беренеси мурда “Жалган билдирүү” деп аталчу. Ага айрым өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин ал “Кылмыш жасоо тууралуу алдын ала жалган билдирүү” деп аталып калды. Жоопкерчилик өтөө мөөнөтү, же айып пулдун өлчөмү да анчалык өзгөргөн жок. Бул боюнча буга чейин көп эле жазылды.

Бул мыйзам журналисттердин тилин тартуу, же сөз эркиндигине шек келтирүү максатында жазылган жок. Бул мыйзам биринчи кезекте ошол басылмаларды, ар кайсы ММКларды өз кызыкчылыгында колдонуп, башка адамдын абийирине шек келтирип, ар кандай айыптарды тагып, эл алдында абийирин айрандай төккөн саясатчылардын ж.б. абийирсиздердин тилин тартып, колдорун чаап коюуга жардам берет. Журналисттер неге мынча тополоң болушканын түшүнбөй турабыз?

Анысы аз келгенсип, чет элдик уюмдар муну сөз эркиндигин чектөө катары сыпаттап, кайрылууларын жаадыра башташты. Ошол эле “Фридом Хаус”, ОБСЕ, АКШ элчилиги…

А бирок, АКШнын өзүндө 19 штатында жалган жалаа жапкандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын кайда катабыз? Так эле ушундай абал Бельгия, Австрия, Улуу Британия, Дания, Испания, Литва, Латвия, Германия, Норвегия, Польша, Швеция сыяктуу Европанын өлкөлөрүндө да бар.

Мисалы, Германияда башка адамга карата атайылап жалган маалыматты таркатса, аны кемсинтип, коомчулук алдында абийирин кетирсе, эки жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн, же ири суммада айып пул салынат. Ал эми бул иш-аракет калың журт алдында же жазуу материалдарын таркатуу аркылуу жасалса, анда 5 жылга чейин эркинен ажыроо же айып пул салынат.

Демек, булар өз мамлекеттериндеги маалымат коопсуздугуна тыкыр көз салып турат экен да, ал эми биздин өлкөдө маалыматтык анархия жүрө берсе болобу? Булардын батыштык кош стандарттуулугунан жалгыз гана биз эмес, бүт дүйнө эли тажады. Анысы аз келгенсип, АКШ элчилиги мындай эки жүздүүлүк боюнча эч кандай түшүндүрмө бербей турганын айтып, оозубузду ачырды. Биз ашыкча суроо бербестен, булардын айткандарын кыңк дебестен жасап, өз пикирибиз болбошубуз керекпи? Мына кызык…

Ал эми адистердин пикиринде болсо, бул мыйзам кыргыз басылмасында жаандан кийинки козу карындар сымал жайнап чыгып жаткан ушак-айың, жөн жерден каралоо, ачыктан-ачык адамды шылдың кылуу жана кемсинтүү сыяктуу көрүнүштөрдү бир аз да болсо азайтат. Эми биз, журналисттер, бир нерсе чыгарардан мурда маалыматты уга калып эле жаза бербестен, кичине тастыктап, экинчи тарапты да угуп жаза баштайбыз го, буюрса…

Айбат гезити №78




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru