Айбат » Азиза Абдрасулова: “Сөз эркиндигин «каалаганымды айтам» деп түшүнбөш керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Азиза Абдрасулова: “Сөз эркиндигин «каалаганымды айтам» деп түшүнбөш керек”

Абдурасулова Азиза- Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан кабыл алынган «Кылмыш жасагандыгы тууралу жалган маалымат тараткандыгы үчүн» деп аталган мыйзам долбооруна кандай пикирдесиз?

– Бул мыйзам долбоору көбүнесе журналисттерге, анан укук коргоочуларга тиешелүү болуп калышы мүмкүн. Албетте, бул туура кадам. Анткени жалган маалымат таратуу жакшы нерсе эмес. Кимдир-бирөөнүн кылмышкер экенин бир гана сот чечип, айта алат. Соттун чечими чыгып, күчүнө киргенге чейин айрым массалык маалымат каражаттары кимдир-бирөөлөрдү кылмышкер катары сыпаттап жиберген учурлары болууда. Маселен, жакында эле ММК булактарында бир адамды өзүнүн 3 жашар кызын зордуктады деген маалыматтар тараган. Бирок, ал чындыгында далилденген эмес. Мына ушундай адамдын беделине доо кетирген маалыматтарды токтотуш керек. Эгерде ошондой маалымат кетсе, анда ага жоопкерчилик болушу керек. Экинчи жагынан алганда бул мыйзам долбоорун айрым саясатчылар орунсуз колдонуп алышы мүмкүн. Андыктан аны кабыл алып, күчүнө киргизерден мурун аябай жакшылап анализдеш керек.

- Муну сөз эркиндигин чектөө деп кабыл алгандар болууда?

- Сөз эркиндигинин да өзүнүн орду болушу керек. Башка адамдардын өмүрүнө, же мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудура турган маалыматтар болбошу керек. Же болбосо жалган маалымат менен кайсы бир адамдын тагдырын талкалап, беделине доо кетиргенге болбойт. Сөз эркиндиги дегенди каалаганымды айтам деп түшүнбөө зарыл. Болбосо көп акыйкатсыздыктар болуп кетет.

Айбат гезити №78




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru