Айбат » Токтогул Какчекеев: “Республикачылар” шаардыктардын кызыкчылыгына “чыйт” түкүрүп коюп, өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп атышат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Токтогул Какчекеев: “Республикачылар” шаардыктардын кызыкчылыгына “чыйт” түкүрүп коюп, өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп атышат

Республика- Токтогул мырза, бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында шаар мэри Кубанычбек Кулматовдун Бишкекти 2014-2018-жылдар аралыгында өнүктүрүү программасын «Республика» фракциясынын депутаттары бир тараптуу сынга алышып, талапка жооп бербейт дешти. Сиздин оюңуз кандай?

– Партиялык, парламенттик башкаруу системасында дайыма түрдүү кызыкчылыктар болот. Биринчиден, партиянын өзүнүн кызыкчылыгы. Экинчиден, ошол партия элдин көңүлүн өзүнө бурдуруу кызыкчылыгы болот. Мен шаардык кеңештин депутаттарынын Бишкек мэриясынын программасы тууралуу айткан пикирлерин уктум. Эгерде «Республика» фракциясынын депутаттары программага карата конкреттүү түрдө экономикалык-инженердик техникалык мүнөздөмөлөргө негиздеп сын-пикир айтышса, анда Кулматов өзү да макул болмок. Ал эми «жөн эле жарабайт» деп кыйкыра берүү, бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай эле кеп. Кулматовдун программасы мамлекет берген каражаттын деңгээлине жараша, шаардыктардын сунуш-пикирлерине жараша конкреттүү түрдө иш жүзүнө аша тургандай программа деп ойлойм. Себеби шаардын тургуну катары мен дагы мэрияга өзүмдүн сунушумду жолдогом. Мэриядан мага «Токтогул Какчекеевич сиздин сунушуңуз шаарыбыздагы чечилбей келаткан маселелерге байланыштуу болгондуктан жаңыдан даярдап аткан программага киргизебиз» деп жооп келген. Мендей болуп өзүнүн сунуштарын берген шаар тургундары өтө көп болгон. Мына ошолорго таянып, жүзөгө аша турган программаны орунсуз эле сынга ала бергенде болбойт.

- «Республикачылардын» бир тараптуу сынга алышынын артында эмне турат деп ойлойсуз?

– «Республика» партиясы Бишкек мэрлигине шайлоо маалында өздөрүнүн өкүлүн алып келүү кызыкчылыгы өтө күчтүү болгон. Бирок, ал тилектери ишке ашпай калган. Ошондон улам азыр алар шаар тургундарынын ой-пикирлерине, кызыкчылыгына «чыйт» түкүрүп коюп, өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп атышат.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №78




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru